Кыдыр дарыган жерге салынган Ак үй 111 жылдан бери сакталып турат (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунун Шекер айылында 111 жыл мурун курулган мечит бар. Бул тууралуу айылдын тургуну Канатбек Андашев билдирди.

Анны айтымында, мечитти элеттиктер Ак үй деп аташат.

«Биздин айылда кереметтүү жерлер көп. Алардын бири Ак үй деп аталат. Ал мечит болуп курулган. СССР учурунда мечиттерге кысым болгондо көп жыл кулпуланып туруптур. Ошондо бул жакка бекинип келип намазын окугандар мечит деп айта алышпай, Ак үй деп атап алышкан экен. Чоң аталарыбыз кийин аябай кысым болгондо жума күнү арабалар менен Жамбылга (Казакстан) өтүп, жума намазын окуп келишкен учурлар болгон деп эскеришет.

Бул мечит 1913-жылы курулган экен. Бир жолоочу келип, «Ушул жер Кыдыр ата дарыган, кут конгон жер. Ушул жерге мечит кургула» деген экен. Ак үйдүн курулушуна Жерүй сайынын кирпичтери колдонулган. Акыркы жолу 2 жыл мурун оңдоодон өттү Бирок дубалдары бекем, мыкты курулган деп баалашат», — деди ал.

Шекер айылынын таржымалы:

Пример HTML-страницы

Кара-Буура районунун Шекер айылы шекер уруусундагылар көп жашагандыктан элет ошондой аталып калган. Аймактык кабарчы элеттин аталышынын чоо-жайын сураштырган болчу.

Айыл аксакалдарынын айтымында, айылдын Шекер деп аталышын айылдын үстү жагындагы таттуу булакка да байланыштыргандар бар.

Учурда айылда 5700 адам жашайт. Шекерде Күркүрөө маданий үйү, ФАП, сейил бак, стадион жана башка социалдык объекттер бар. Жер аянты көп болгондуктан ар бир жаранга 50 сотых сугат, 50 сотых кайрак жер үлүшкө бөлүнгөн. Айыл аймакта 2 мектеп, 3 бала бакча билим берет. Айылдын түштүгүндө Көк-Сай айылы, түндүгүндө А.Аманбаев айылы жайгашкан. Батышынан Казакстан менен чектешет.

Шекер айылынан таланттуу бир нече инсандар чыккан. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бала чагы дал ушул айылда өткөн жана чыгармаларынын айрымдарында айылда жашап өткөндөрдүн жашоосу чагылдырылган. Мындан тышкары котормочу, киносценарист Ашым Жакыпбеков, актёр, театралдык режиссёр Капар Медетбеков жана башка белгилүү адамдар чыккан.

Айылдын түштүгүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элестери чегилген таштар жайгашкан ачык асман музейи бар. Бул жерге келечекте Ч.Айтматовго арналган коплекс куруу белгиленген. Айылдын түндүгүндө «Гүлсарат» чыгармасындагы башкы каарман Танабайдын ысымындагы алма бак орун алган. Айылдан Күркүрөө суусу агып өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️