Пример HTML-страницы

Куртка—Соң-Көл жана Ак-Тал-Чат—Жогорку-Май жолдоруна асфальт төшөө иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Куртка—Соң-Көл унаа жолуна жана Ак-Тал-Чат— Жогорку-Май унаа жолуна асфальт төшөө иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Тал-Чат—Жогорку-Май унаа жолунун 3 чакырым аралыгына 21 млн сомго асфальт төшөө иштери башталып, учурда эски асфальты сыйрылып, шагыл төгүү иштери жүрүүдө.

Мындан тышкары, Куртка—Соң-Көл унаа жолунун Жаңы-Талап чөлкөмүнө, 2 чакырым аралыка 14 млн 400 миң сомго асфальт төшөө жумуштары жүрүп, учурда шагыл төгүлүп, жолдун негизи даярдалууда.

Асфальт төшөө иштери Ак-Талаа райондук №15 жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE