Пример HTML-страницы

Курман айттын уматына Михайловка—Каракол каттамындагы айдоочулар тургундарды акысыз ташып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 16-июнда Курман айт майрамынын урматына Түп районунда Михайловка—Каракол каттамынын айдоочулары жүргүнчүлөрдү акысыз ташып жатат. Бул тууралуу коомдук унааны башкарган айдоочулардын бири Таалайбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-аракет жаштарга үлгү болуу максатында уюштурулду.

«Михайловка—Каракол каттамын ар жарым саат сайын күнүнө 3 кичи автобус 40 сомдон тейлейт. Өткөн жылы да айт майрамынын урматына жүргүнчүлөрдү акысыз жеткиргенбиз. Бул жылы да кесиптештер менен сүйлөшүп, соопчулук иштерин улантуудабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE