Кургак учук оорусун кантип алдын алса болот? Эпидемиолог дарыгер Нургүл Каипова илдеттен сактануу жолдору менен бөлүштү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун Ат-Башы району боюнча бөлүмүнүн башчысы, эпидемиолог дарыгер Нургүл Каипова кургак учук оорусу боюнча кенен маалымат берди.

«Кургак учук (туберкулез) оорусу – социалдык оору. Себеби оорунун пайда болуусу адамдын жашоо шартына, толук кандуу тамактануусуна, жүрүм-турумуна байланыштуу. Акыркы 3 жылдагы салыштырмалуу кɵрсɵткүчтɵр боюнча алсак, жабык түрү менен 2021-жылы 21 учур, 2022-жылы 25 учур, 2023-жылы 18 учур катталган. Ал эми кургак учук оорусунун ачык түрү менен 2021-жылы 4 учур, 2022-жылы 6 учур, 2023-жылы 5 учур катталган. Айта кетчү нерсе, жыл сайын оорунун көп учурлары катталып жаткандыгы, анын ичинде кургак учукка каршы дарыларга туруктуу түрлөрү да көбөйүп жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш», — деди ал.

Оору аба аркылуу жайылгандыктан, аны эрте табуу маанилүү болуп эсептелет.

«Эпидемиологиялык иликтөө иштери сапаттуу жүрүп жаткандыктан, оору эрте табылып, айрыкча оорунун ачык түрү менен ооруган адамдар өз убагында дарылоого жиберилип жатат. Алар менен тыгыз байланышта болгон адамдар тиешелүү медициналык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп келүүдө. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам оорунун түздөн-түз булагы болгондуктан, ал эрте табылып, ооруканага жиберилиши керек. Анткени ал өз убагында изоляция болсо, башка адамдарга жугуу коркунучу азаят. Ошондуктан «ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт» дегендей, ооруну эрте табуу кургак учукту алдын алууда өтө маанилүү.

Ал аба аркылуу жугуучу, кɵп учурда ɵпкɵнү жабыркатуучу жугуштуу оору. Ар бир адам кургак учук оорусу менен ооруп калышы мүмкүн. Себеби, ал аба аркылуу жайылат, ал эми баарыбыздын дем алган абабыз бир», — деп билдирди.

Пример HTML-страницы

Врач-эпидемиолог Нургүл Каипова кургак учук оорусу кантип жугаарын жана жуктуруп алган адамда кандай белгилер болоорун айтып берди.

«Оорулуу адам чүчкүргɵндɵ, жɵтɵлгɵндɵ, какырык менен кургак учук бактериялары бɵлүнүп чыгып, айланадагы оорубаган адамдарга жугат. Оорунун козгогучу бактериялар болгондуктан, ага жуучу каражаттар да таасир этпейт. Жердеги чаңда, китептердин арасында жана башка жерлерде 3-4 жылга чейин жашай берет.

ϴпкɵдɵн курч кармаган кургак учугу 2 түргɵ ачык (бацилярдуу) жана жабык болуп бɵлүнɵт.

Ачык түрү менен ооруган адамда микроб жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, какырык, шилекей менен аба аркылуу жайылат. Кургак учук ɵпкɵнү гана эмес сɵɵк, муун, тери, бɵйрɵк, ичеги-карын, нерв системасы, кɵз жана башка органдарды жабыркатат.

Эгер сизде же сиздин жакындарыңызда тɵмɵндɵгүдɵй белгилер байкалса:

— 2 жумадан ашык жɵтɵлүү;

— Түнкүсүн тердɵө;

— Дене табынын жогорулашы;

— Табиттин жоголушу;

— Салмактын азайышы;

— Алсыздык, чарчоо пайда болсо.

Анда жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна же фельдшердик-акушердик пункттун медициналык кызматкерлерге кайрылуу зарыл.

ϴпкɵнүн кургак учугун жокко чыгаруу үчүн:

— Медициналык кызматкерлеринин кеңешин алуу;

— Үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна, фельдшердик-акушердик пунктка барып, какырыкты изилдɵɵгɵ тапшыруу;

— Рентген же флюорография изилдөөлөрүнөн ɵтүү.

Кургак учукту дарылоо 6 айдан кем эмес убакытка созулат. Дарыланууну үзгүлтүккɵ учуратып же аны токтотуп койсок, дарыланышы татаал жана узакка созула турган (2 жылга чейин) кургак учуктун дарыга туруктуу оор түрүнүн пайда болушуна алып келет.

Стационардык же үй шартында (амбулатордук) дарылоону дарыгер бейтап менен биргеликте дайындайт. Кургак учукту үй шартында дарылоо бейтапка кɵнүмүш жашоосун улантууга, коомчулукта болууга мүмкүнчүлүк берет жана оорукана ичиндеги кургак учуктун оор түрлɵрүнүн жугуу коркунучун азайтат.

Оорунун пайда болуусуна адамдын жашоо шартынын деңгээли түздɵн-түз таасирин тийгизет. Тамактануусунун сапаты тɵмɵн адамдар кургак учук оорусун көп жуктуруп алышат.

Ошондуктан ооруну жуктуруп алуу коркунучун азайтуу үчүн:

— Сапаттуу толук кандуу тамактануу;

— Жашоо шарттын деңгээлин кɵтɵрүү;

— Тазалыкты дайыма сактоо;

— Оорунун белгилери байкалган учурда ɵз убагында дарыгерге кайрылуу;

— Сергек жашоо эрежелерин аткаруу;

— Спирт ичимдиктерин пайдаланбоо;

— Тамекит чекпɵɵ;

— Спорт менен машыгуу;

— Таза абада кɵп сейилдɵɵ;

— Өздүк гигиенанын эрежелерин так сактоо керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️