Курама айыл аймагында 170 млн сомго тартылган суу түтүгү жарылып баштады. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Панфилов районуна караштуу Курама айыл аймагындагы суу түтүгү жарылып баштады. Суу түтүгү 2019-жылы тартылып, 170 млн сом жумшалган.

Калкынын саны 11 миң адамдан ашкан Курама айыл аймагында Партсъезд, Панфиловка, Жайылма, Эфиронос, Каптал-Арык жана Орто-Арык айылдары жайгашкан. Жергиликтүү тургундардын басымдуу бөлүгү мал жана айыл чарбасы менен алектенет.

Жергиликтүүлөр ичүүчү таза суу көйгөйүн жыл сайын көтөрүп келишет. «Курама суу» муниципалдык ишканасы 1 млн 800 миң сом карыз болуп, жергиликтүү бийликке ичүүчү таза суунун төлөмүн 25 сомдон 50 сомго көтөрүү маселесин коюшкан. Ал маселе жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып, 2024-жылдын февраль, март, апрель айларында 3 айлык пилоттук режимде таза суу 15 сомго көтөрүлгөн. Тактап айтканда, төлөм 25 сомдон 40 сом болгон. Бирок бул пилоттук режим да натыйжа бербегендиктен учурда «Таза суу» муниципалдык ишканасы карызга батып бара жатат.

Жашоочулардын айтымында, Каптал-Арык, Панфиловка жана Партсъезд айылдарында суу түтүгү күн алыс жарылып, эл суусуз калган учурлар да кездешүүдө.

Мындай көйгөйдүн жаралышы жана абалы жөнүндө «Курама суу» муниципалдык ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Чыңгыз Айылчиев төмөндөгүлөргө токтолду.

Пример HTML-страницы

«Туура, элдин ичүүчү таза сууга болгон муктаждыгы жогору. Панфиловка, Каптал-Арык жана Партсъезд айылдарында 2019-жылы 57 чакырым аралыкка пластик суу түтүгү тартылып, ага 170 миллион сом жумшалган. Арадан жылдар өтпөй күнүгө ар жеринен жарылып баштады. Биз мүмкүнчүлүктүн жетишинче оңдоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок баарына жетишүүгө убакыт, күчүбүз да жетпей келет. Негизи 2019-жылы 57 чакырымга суу түтүгү тартылганда анын алдына, үстүнө кум, топурак төшөлбөй эле казылган жерлер толтурулуп кеткен. Ошонун кесепетинен суу түтүгү жарылууда. Экинчиден, суу түтүгү сапатсыз жана ар түрдүү орнотулган. Ошол мезгилдеги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жетекчилердин шалаакылыгы. Төшөлбөгөн кумга сиңген 170 миллион сом үчүн ким жооп берет?», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️