Кум-Шоро айылындагы окуучулар кооптуу мектепте окуп жатат

TurmushБүгүн, 14-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алай районундагы жашоочулар менен жолугушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө Айыл районунун Будалык айыл аймагынын Кум-Шоро айылынын тургуну Базарбай Тобокалов аталган айылда авариялык абалдагы мектепте 140ка жакын окуучу билим алып жатканын айтты. Бул мектеп бир нече жыл мурун ашар жолу менен курулган. Учурда дубалдары урайын деп турат.

«Кум-Шородо мектеп бар. ӨКМ авариялык абалда деп тапкан. Азыр окуучулар окуйт. Дубалын түртүп ийсең жыгылчудай. 140ка чукул бала бар. Бул мектеп ашар жолу менен бүткөн. Мектеп топурак, саман менен курулган. Буга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылганбыз, жыйынтык жок.

Ошондой эле шар аккан сууда көпүрө жок. Адамдар өткөндө өтө кыйын болот. Ушул маселени карап, чечип берсеңиздер», — деди ал.

Тиешелүү мекеменин өкүлү бул мектепке жаңы имарат курууга азырынча каражат каралбаганын айтты. Ал каражат кийин жылдары бөлүнүшү мүмкүн экенин кошумчалады.

Алай районунун аким Каныбек Апазовдун айтымында, район боюнча жети авариялык мектеп бар.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️