Пример HTML-страницы

Кулатов айыл аймагындагы тазалоо иштерине 75 куткаруучу тартылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНоокат районундагы Кулатов айыл аймагында селден катуу жабыркаган үйлөрдү тазалоо иштери улантылып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин республикалык өзунчө куткаруу отрядынын командири Мырза Эргешовдун айтымында, ӨКМ кызматкерлери айыл тургундарын таза суу менен камсыздап жатышат. Учурда 75 кызматкер тазалоо иштерине тартылды.

«Абшыр-Атадагы селдин кесепетинен улам республика боюнча куткаруу отрядынан эки этап менен куткаруучулар тартылды. Биринчи куткаруучу топ Исанов айыл аймагындагы жумушту аяктады. Учурда Кулатов айыл аймагын тазалоо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Селден жабыр тарткан үйлөрдүн алдын тазалап, жергиликтүү тургундарга жардам көрсөтүп жатабыз. Негизинен куткаруучуларда эч кандай маселе жок, бардык шаймандарыбыз жетиштүү, техникаларыбыз иштеп жатат. 75 кызматкер тазалоо иштерине катышып, 5 тайпага бөлүнүп иштөөдө», — деди Мырза Эргешов.

Жергиликтүү тургун Гүлдана Шерматованын айтымында, катуу жаан жаап, кыян суу короого чейин кирген.

«Кийинчерээк сел күчөп, дубалдарды агызып кеткен эле. Ошол учурда ӨКМ кызматкерлери жогоруда адамдарды эвакуациялап, куткарып, эртеси келип, жабыр тарткан үйлөрдүн алдын тазалоо иштерине киришти», — деди ал.

——————————————————-

28-июнда Ноокат районунда жүргөн селден келтирилген зыян такталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, катуу жааган жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүрүп, жалпы 125 үй, 1 бала бакча, 1 мектептин короосун сел каптап, анын ичинен 3 үй авариялык абалга келип, 28 үйдүн ичине, жер төлөлөрүнө сел кирген. Ички чарбалык унаа жолдорду каптап, көпүрөлөр жараксыз абалга келип, электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. 26 баш бодо мал, 15 баш майда жандык, 10-15 электр мамысы селге агып кеткен. 4 көпүрө жараксыз абалга келген.

Селдин кесепетинен 10 адам каза болгон (7 жаш бала, 2 аял, 1 эркек адам киши). «Абшыр-Ата» эс алуучу жайына барган ички чарбалык унаа жол жабылган. Селдин кесепетинен унаа жолдор жараксыз абалга келгенине байланыштуу «Абшыр-Ата» эс алуучу жайында болжол менен 1400гө жакын адам, ал эми Кезарт жайлоосунда 150 адам калып калган. 12 баш бодо малды сел агызып кеткен.

Көк-Жар айыл аймагынын Найман айылында 31 үйдүн короосун суу каптап, анын ичинен 15 үйдүн ичине сел кирген. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 63-чакырымындагы көпүрөнү сел алып, унаа жол убактылуу жабылган. Бул айылда 4 баш бодо малды суу агызып кеткен.

Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айылынын Алчалуу сайынан сел түшүп, 25 үйдүн, 1 мектептин короосун каптап, анын ичинен 4 үйдүн ичине сел кирген. Кош-Чан дарыясынын суусу көтөрүлүп, ички чарбалык көпүрөнү жууп кеткен. 3 баш бодо малды сел агызып кеткен.

Гүлистан айыл аймагынын Фрунзе айылында 7 үйдүн короосун каптап, анын ичинен 3 үйдүн ичине сел кирген. 2 баш бодо мал, 15 баш кой-эчки сууга аккан. Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 43-чакырымында Чили-Сай сайынан сел ашып, көпүрө жараксыз абалга келген.

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Жандама, Дөң-Кыштак, Катта-Тал айылдарында 34 үйдүн короосун суу каптап, 2 унаа жолду сел жеп, 5 баш бодо малды сел агызып кеткен.

  • Катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында 29-июнда акимдин буйругунун негизинде, Кулатов, Көк-Жар жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Тартылган күч каражаттар: өзгөчө кырдаалдар министринин орун басарынын жетекчилигинде жалпы 68 куткаруучу, 18 техника, Жарандык коргонуу кызматтарынан 18 кызматкер, 7 техника, айыл аймактан жана жергиликтүү тургундардан 200 адам, 51 техника тартылган.

Аткарылган иш чаралар: Тартылган күч каражаттардын жардамында сел кирген 28 үйдүн ичи, 97 үйдүн, бала бакчанын, мектептин короосу толук тазаланып, жолдун жээктеринен сел калдыктары тазаланган. Ак-Өтөк сел сайынын 400 метр Кош-Чан дарыясынын 400 метр аралыгын жана көпүрөнү бекемдөө иштери жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары ӨКМдин өрт өчүрүүчү унааларынын жардамы менен 9 айылга 37 тонна таза суу жеткирилген. 3-июль күнү селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылат.

Селдин чоо-жайы:

  • 2024-жылдын 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагынын Абшыр-Ата айылына жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн. Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар. Анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE