Пример HTML-страницы

Кучакташка бойдон каза тапкан эне-баланы таптык, — Тилек Сейткулов

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнүн офицери, капитан Тилек Сейткулов түрк жергесинде зилзала катталган соң, куткаруу ишине катышты. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Т.Сейткулов Кыргызстандан жардамга экинчи этап менен кеткен куткаруучулардын катарында болгон.

«Түрк жергесинде болгон кырсыкта куткаруу ишине катышуу үчүн 12-февраль күнү жөнөп кеттик. Кырсыктан кийин аба майданы Кахраманмараш шаарында жабык экен. Ушундан улам, алгач Газиантеп шаарына барып, ал жерден автобус менен Кахраманмараш шаарына сапар алдык. Лагерлерге жайгашып, эртеси куткаруу ишине катыша баштадык. Күндүз жана түнкүсүн издегендер болуп, 12 бала эки мөөнөт менен издеп жаттык», — деди ал.

Анын айтымында, жер титирөөдө ата-энелердин көбү балдарын коргоого акыркы күчүн жумшашкан.

«Эң алгач жерине барганда, бир аял жаныбызга чуркап келип, урандыга айланган үйүн карап берүүнү өтүндү. Экскаватор менен урандыны казып жатсак, баланын буту көрүнүп калды. Бала кичинекей экен, көтөргөндө абдан эле жеңил болчу. Баланын аркасынан эле атасынын өлүгү табылды. Жер титирегенде, ата-бала эшикке чыгууга шашылып, үлгүрбөй калгандай туюлду. Жансыз денелерди алып чыксак эле, байкуш эне чыңырып ыйлап, жүрөктү оорутту. Ошондогу эненин ыйы дагы деле көз алдымда турат.

Муну менен катар урандылардын астынан кучакташкан эне-баланын да сөөгүн чыгардык. Сырттан кароо учурунда эненин башы аябай жарылыптыр. Ал эми анын койнундагы баласынын денесинде эч кандай жаракат болгон эмес. Бала кырсыктан кийин аба жетпей, же дем ала албай жатып каза болгондой. Өмүрүн тобокелге салып, баласын канатынын астына калкаласа да, экөөнүн тең каза тапканы абдан кейиштүү. Ошентип, ата-энелердин көбү балдарын коргоого акыркы күчүн жумшагандыгына күбө болдум.

Баарынан да кейиштүүсү — бул балдардын сөөгүн чыгаруу болду. Алардын сөөгүн тапканда, жаным кейип, жүрөгүм сыздады. Мен бул кырсыкта балдардын амандыгы эң маанилүү экенин түшүндүм. Мисалы, канчалаган топтолгон байлык, алтын-зерлер кырсыктан ээсин куткарып ала алган жок. Бул да сыноо, экинчи мындай кырсык болбосун, эч качан кайталанбасын», — деди ал.

34 жаштагы Сейткулов оор куткаруу ишитерине экинчи жолу катышып жатканын айтат. Буга чейин ал Сокулук районунун Дача СУ айылында болгон учак кырсыгынан соң, куткаруу ишине катышкан.

«Дача СУ кырсыгы ар бир кыргызстандыктын эсинде болсо керек. Ал окуяда үйлөр бир кабат болгондуктан издөө иштери бат аяктаган. Бирок адамдар тирүүлөй күйүп кеткендиктен, күйгөн денени кармап чыгаруу оор болгон», — деди ал.

Каарманыбыз эмгек жолун Чүй облусундагы Беловодск айылында куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунда баштаган. Беш жылдык ак эмгегинин артында командирге чейин көтөрүлгөн. Кийинчерээк, Ысык-Көл райондук жарандык коргоону бөлүмчөсүнүн улук офицери болуп кызмат өтөй баштаган.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE