Пример HTML-страницы

Кубандык Бердалиев үйдүн айланасында өскөн чөптөрдөн дары жасап, төө буурчактын түшүмүн 2 эсе көбөйттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын 62 жаштагы тургуну Кубандык Бердалиев үйдүн тегерегинде өскөн чөптөрдөн табигый дары жасап чыкты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 45 жылдан бери агроном болуп эмгектенип келет. Учурда Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы болуп иштейт. Билими боюнча зооинженер.

«Биз окуу жайда көп биологиялык процесстерди окуганбыз. Андан бери интернеттен, ар кайсы китептерден изденип, ошол тажрыйбамды колдонуп, түшүмдүү төө буурчак алуу үчүн үй шартында табигый жер семирткич (удобрения) иштеп чыктым. Бул ыкманы 3 жылдан бери колдонуп, төө буурчактын түшүмүн 2-3 эсеге көтөрө алдым.

Акыркы жылдары жердин баарынын кубаттуулугу кетип, төө буурчак үчүн жерде азык деле түгөнүп, аябай аз түшүм алып калганбыз. Мисалы былтыр 1 гектар жерден 1 тонна түшүм деп эсептелди. Андан дагы аз алгандар бар. Ал эми менин ыкмамды колдонгон дыйкандар 2 тоннадан жогору алышты. Былтыр өзүм 1 гектар жерден 3 тонна 326 кг төө буурчак алдым», — деди ал.

Агроном буга катар эле жер семирткич кантип жасаларын айтып берди.

«Алгач үйдүн алдында, алма бактын арасында өскөн жапайы өскөн эрмен, алабата, кекире, саз чөптөр, мыя, сүт тикен аттуу чөптөрдү оруп келип, кара баштыкка салып, күнгө 3 күн таштап коёбуз. Алар баштыктын ичинде эзилип жумшарат. Анан аны атайын казылган чуңкурга же чоң идишке салып, 1 сутка сууга чылап коёбуз. Кайра ошол сууну төө буурчактын жалбырактарына чачабыз.

1 гектар жерге 30 кг чөп сарпталат. Бул мен айткан процесс үй шартында жасалат. Жапайы өскөн чөп, өзү күчтүү келет. Күндө калып, кайра сууга салып койгон кезде, андан бардык керектүү минералдар бөлүнүп чыгат. Кайра аны төө буурчакка сепкенде, андан азыктанып, түшүмү дагы мол болот. Ушул процессти апта сайын 4 жолу кайталап жасаш керек. Анан жогоруда айтканымдай эле төө буурчактын түшүмү 2-3 эсе жогору болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE