Пример HTML-страницы

Кошуна кызды үйүнө алып кирип, төшөккө жаткырган адамдын кумары

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облустук соту көп кабаттуу үйдөгү кошунасынын жашы жете элек кызына карата ыпылас аракеттерди жасаган адамга карата өкүм чыгарды. Turmush басылмасы кылмыштын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Улук (аты өзгөртүлдү, С.У.М.) 1983-жылы Талас шаарында туулган. Үй-бүлөсү жок, мурда соттолгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси (ыпылас аракеттер) менен айып тагылып, Талас шаардык сотунун 2022-жылдын 26-декабрындагы өкүмү менен 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде 3 жылга пробациялык көзөмөл дайындалып, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган.

Кылмыштын чоо-жайы:

Айыпталуучу Улук 2022-жылдын 10-июнунда спирт ичимдигин ичкен. Ал күнү кошунасынын 2010-жылы туулган кызы Айжан (аты өзгөртүлдү, А.Э.) жалгыз калган үйүнүн эшигин такылдатып, скотч сурап кеткен. Андан кийин Улуктун ою бузулуп, жыныстык кумарын канааттандырууну көздөп, кыз жашаган батирдин эшигин каккылаган. Ал эшикти ачканда аны колунан кармап, үйүндө башка киши жоктугун тактап алып, өзүнүн батирине сүйрөп кирген. Айжан «азыр кыйкырам» дегенде «азыр шымыңды чечем» деп коркуткан. Батирине алып кирип: «Сен мени жакшы көрөсүңбү?» деп сурап, жерге салынып турган төшөккө жаткырып, үстүн басып кучактап, мойнунан жыттап, 3-4 жолу өпкүлөп, «алаңды ач» деп талап кылып, денесин кармалаган. Айжан «атама айтам» деп ыйлаганына карабай сексуалдык катнашсыз ыпылас аракеттерди жасаган. Ал кыздын жыныстык кол тийбестигине, инсандык эркиндигине, моралдык жана психикалык абалына залал келтирилген деп айыбы угузулуп, сот тарабынан жогорудагыдай өкүм кабыл алынган.

Прокурор буга макул болбой, апелляциялык даттануу келтирип, Талас шаардык сотунун 2022-жылдын 26-декабрындагы өкүмүн бузуп, Улукка мыйзамдуу өкүм чыгарууну суранды. Кыздын үй-бүлөсүнүн жактоочусу да апелляциялык даттануу келтирип, Улукту 8-10 жылга чейин камакка алууну өтүндү.

Улук эмне деди?

Сотто айыпталуучу Улук күнөөсүн мойнуна албай, 2022-жылдын 10-июнунда кошуна жашаган Айжан аттуу кыз скотч сурап келгенин айтты. Бирок ал ага «скотч жок, изолента бар» деп айткан. Андан кийин сыртка чыгып, дүкөнгө бара жатканда Макеш аттуу кошуна балага жолуккан. Дүкөндөн 7 литр сыра алып, үйүнө кирип, Макеш экөө сыраны ичип отурушкан. Андан кийин эле милиция кызматкерлери келген. Ал эшикти ачпай коюп, бир аз убакыттан кийин Макеш өзүнүн үйүнө кеткен. Эртеси күнү аны милиция кызматкерлери кармап кеткен.

Бул кылмыш иш менен ага карата жалаа жабуу болуп жатканын айтып, эч кандай ыпылас ишке барбаганын белгилеп, Талас шаардык сотунун 2022-жылдын 26-декабрындагы өкүмүн жокко чыгарып, актап берүүнү суранды.

Айжан өзүн эмнелерди айтып берген?

Айжан териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуяны айтып берген. 2022-жылдын 10-июнунда үйүндө үй жумуштары менен алектенип жаткан. Саат 15:30 чамасында үйдүн сырткы эшигин бирөө такылдаткан. Ал эшикке чыкканда кошуна жашаган Улук турганын көргөн. Эшикти жабайын дегенде күчү жетпей калган. Улук анын колунан кармап: «үйдө ким бар?» деп сураганда сиңдиси бар экенин айткан. Улук өзүнүн батирине алып кирип бара жатканда «азыр кыйкырам» десе, «азыр шымыңды чечем» дегенинен коркуп унчукпай калган. Батирине киргенден кийин отургучка отургузуп, «сен мени жакшы көрөсүңбү?» деп суроо берген. Ага жок деп жооп бергенде, аны жерде салынып турган төшөктүн үстүнө жаткырып, 3-4 жолу мойнунан жыттап, өпкүлөп, «алаңды ач» деген. Бирок ал аласын ачпай, «колумду коё бериңиз» деген. Улук «качан коё береримди өзүм билем» дегенде «азыр үйгө эжем келет, сени атама айтам» дегенде коё берген. Андан кийин батирден качып чыгып кеткен.

Соттун өкүмү:

Талас облустук соту 2023-жылдын 21-февралында иштин материлдарын карап чыгып, Талас шаардык сотунун 2022-жылдын 26-декабрында Улукка чыгарган өкүмүн өзгөрттү. Ал 6 жылга эркиндигинен ажыратылды. Өкүмгө нааразы тарап кассациялык тартипте Жогорку сотко кайрылууга укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE