Кош-дөбөлүктөр Ак-Талаадан Өзбекстанга түз кирип, соода кылуучу жолду көрсөтүп беришти

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын жашоочулары 40 чакырым Кош-Дөбө — Макмал унаа жолу кароосуз калгандыгын, ал жерге жол тейлөө мекемесинин бөлүмчөсүн ачып, жол сүрдүрүүчү техника коюлуш керектигин айтып, Транспорт жана жол министрлигине кайрылышты.

Коомдук ишмер Манас Насиров стратегиялык маанидеги унаа жол 20 жылдан бери кароосуз калгандыгын билдирди.

«Эң акыркы айыл Кош-Дөбө болуп калат. Чындыгына келгенде, бизден ары Тогуз-Торо району бар. Бизден Тогуз-Торо районуна чейин 86 чакырым жол. «Макмал» алтын кенине чейин 40 чакырымды түзөт. Ошол «Макмал» кенине жетип алсак, андан ары заңгыраган жол. Ушул жерде союз учурунда жол тейлөө ишканасынын бир бөлүмчөсү турчу. Бул жерде Ак-Моюн деген кичинекей ашуу бар. Ошол бөлүмчөдө жолчулардын үйү, техника токтотуучу жайы турган. Бул маселе министрликтин эле ички иши. Убагында «Кыргызалтын» ишканасы менен Транспорт жана жол министрлигинин ортосунда эле келишимдер боло калып, министрлик өзүнүн балансынан чыгара коюп, «Кыргызалтын» ишканасына бере коюп, кийин кен казуу токтогондо жол ортодо кароосуз калып кетти. Ошол жолду сүрдүрүп, тазалап туруу үчүн бир техникасы менен жол тейлөө ишканасынын бөлүмчөсүн коюш керек. Ал жол аркылуу Чолок-Кайың, Жерге-Тал жана Кош-Дөбө айылынын эли Жалал-Абадга, керек болсо Бишкекке чыгып кеткенге аябай чукул. Ары жагыбызда Өзбекстан деген «килейген ажыдаар» жатат. Биздин элдин ал өлкө менен соода-сатык кылуусуна аябай жакшы болмок. Биз айткан жерге жол тейлөө ишканасынын бөлүмчөсүн кайра ордуна коюп бергиле», — деди ардагер М.Насиров.

Аталган жолдун сүрөттөрү журналист Калкаман Бердибаевге таандык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️