Кореялык инвесторлор баткендиктерге соя өстүрүүнү сунуш кылып жатышат

TurmushЭми баткендиктер соя өстүрүүнү колго алышат. Бул тууралуу «Алыш-Дан кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшев билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар соя өстүрүшсө кореялык инвесторлор алууга даяр. Алар бул демилгесин жергиликтүү бийлик менен жолугушууда айтышты.

«Кореядан келген инвесторлор башкача айтканда «Тулженкыргыз» ЖЧКсы Баткен районуна анын ичинде Кара-Бак жана Дара айыл өкмөттөрүндө жергиликтүү элди соя уругу менен камсыздап, өндүрүлгөн сырьену кайра өздөрү алышарын айтып жатышат. Ошондой эле ижарага жер берип, анын аянтын көбөйтүүнү пландап жатышат. Алар бул өсүмдүктүн май алып кайра иштетүүнү пландашууда.

Мындан сырткары инвесторлор суу жетпеген жерлерге павлония дарактарын өстүрсө болорунС белгилешти. Биз өрүктү кайра иштетүү ишканалардын жоктугун да айтып көрдүк. Алар анализдеп көрүшөрүн билдиришти», -деди ал.

Инвесторлор үчүн салык боюнча жеңилдиктер берилди. «Тулжен Инкорпорейдет» компаниясынын жетекчиси Ким Чуль Енг ушундай шарттар каралса башка дагы инвесторлордун келүүсү мүмкүн экенин билдирди. Баткен облусу деңиз деңгээлинен канчалык бийиктикте болсо Корея да ошондой бийиктикте жайгашкан. Андыктан өсүмдүктөр бирдей өсүп, түшүм да бирдей алынат.

«Мындан сырткары 10 гектар жерге дары чөп өстүрүүнү пландадык. Биз Кара-Бак айыл өкмөтүнө 5 гектар өстүрүп көрөлү. Эгер жакшы жыйынтык болсо кеңейтебиз. Биздин фермерлер эми эмне эксек деп ойлонуп, даяр уруктарды алып өстүрүп киреше тапса болот», — деди Турсунали Төлөмүшев

Пример HTML-страницы

Баткенге өзгөчө мамак берилгендиги үчүн инвесторлор үчүн да жеңилдиктер каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️