Корей элине келин болгон Зарина айым

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Кыргызстанда туулуп-өскөн дунган кызы Зарина Ясырова жана корей жигити Игорь Ким тууралуу болмокчу.

Зарина айым Кыргызстанда 1989-жылы туулган. Ал К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинде окуган.

«Биз азыр Ташкентте жашайбыз. Жолдошум менен жаңы таанышканда мен Кытайда окуп, ал Москвада иштеп жүргөн. Ошол учурда башка социалдык тармактар популярдуу болчу. Алардын бири аркылуу таанышканбыз. Биз онлайн таанышып, жарым жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Ал убакта видеочалуулар да жок болчу. Эң кызыгы, ал мени жанымдан көрбөй туруп, сүйүүсүн арнаган. Эсимде ошол күнү абдан капа болуп жүргөм. Анан ал менин маанайымды көтөрүү үчүн сүйүүсүн билдирген.

Телефон аркылуу 7-8 ай сүйлөшкөндөн кийин ал Бишкекке учуп келди. Ошол учурда Кытайдан мен да кайтып келгем. Биз биринчи жолу жолукканыбыз менен жакын адамдардай эле сүйлөшүп кеттик. Андан 1 жума өткөндөн кийин аны ата-энем менен тааныштыргам. Ал дагы 1 жумадан кийин ата-энесин жөнөттү», — деди ал.

Экөөнүн баш кошуусуна ата-энеси каршы болгон эмес.

Пример HTML-страницы

«Ата-энем «улуту маанилүү эмес, эң негизгиси Игорь мусулман экен» деп үйлөнүүбүзгө каршы болушкан жок. Анын атасы (апасы ал кичинекей кезинде эле каза болуп калган) да каршы болгон эмес. Ал эми той болсо дунган салты боюнча болду.

Жолдошум Кыргызстандан болгондуктан менталитетибиз да окшош. Азырынча корей салттары жөнүндө эч нерсе билбейм. Анткени жолдошум салттарын карманбайт. Корейлерде бала 1 жашка чыкканда чоң салтанат менен той өткөрүшөт. Бирок биз бир дагы балага мындай ырым-жырымдарды жасаган жокпуз», — деди.

З.Ясырова учурда фрилансер экенин жана бизнесин өнүктүрүп жатканын белгиледи.

«Мен кытай тилин билгендиктен, Кытай менен иштешем. Кардарлар үчүн товарларды буюртма кылам жана өзүмдүн онлайн дүкөнүм үчүн сатып алам. Мындан сырткары, КМШнын ишкерлери үчүн Кытайга бизнес турларды уюштурам. Анан ал өлкөдө алардын котормочусу жана гид болуп кызмат көрсөтөм.

Келечекте Кытай менен Түркияга бизнес турларды өткөрүү, ошондой эле белгилүү маркетплейс аркылуу АКШ рыногуна чыгуу пландарым бар.

Жолдошумду жумушу аркылуу Ташкентке которушкан. Ошондуктан бул жакка көчүп келдик. Өзбекстан Кыргызстанга жакын болсо деле, Кыргызстанды абдан сагынабыз. Ошондуктан Кыргызстанга көп барам. Өзбек эли тууралуу айтсам, боорукер жана ар дайым жардам берүүгө даяр адамдары менен таң калдырды. Ал эми Ташкент болсо абдан таза жана жашыл шаар», — деди Зарина айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️