Кооператив башкарып, элге таанылган Р.Сыдыкбаева 150 000 сом сыйлыкты эмне үчүн албай койгон?

TurmushНарын шаарынын 87 жаштагы тургуну Райыпа Сыдыкбаева эгемендүүлүк жылдары кооператив ачып, ишкеткендиги үчүн сыйлыкка унаа алган. Ал эмгек жолу, турмушу тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Каарманыбыздын айтымында, окуучулук кези кыйын убакка туш келип, жетиштүү сабаты жок мугалимдерден билим алган. Ал кезде жалпы сабатсыздык болгондуктан, тамга таанып, окуп, жазганды билген адамды эле мугалим катары дайындап коюшкан.

«1934-жылы 3-декабрда Нарын районуна караштуу Өрнөк айылында төрөлгөм. Айылдык мектеп деген аты бар бөлмөдө 4-класска чейин билим алдым. Балачагыбыз, деги эле жаштыгым кыйын мезгилге туш келген экен. Дегеним, математикадан берген мугалимибиз кошууну гана билип, көбөйтүү, бөлүү дегенди билчү эмес. Билим алды деген эле болуп, 4-классты бүтүрдүк. Андан кийин 7-8 чакырым жол жүрүп, кошуна айылдарга барып, 7-класска чейин окудум. Окууну улантыш үчүн азыркы Бишкекке же Нарынга барыш керек болчу. Үйдөгүлөр жибербей коюп окубай калдым. Ошентип жүрүп ата-энем эрте эле таекемдин баласына берип коюшту. Бул адамдан төрөгөн жокмун. 30 жашымда экинчи жолу күйөөгө чыгып, 7 балалуу болдук. Экинчи турмушка чыккан жолдошумдун 2 баласы бар эле. Анан кайын инимдин 1 баласын дагы биз багып, жалпы 10 баланы тарбиялап өстүрдүк. Азыр 31 неберем, 37 чөбөрөм бар», — деди Райыпа Сыдыкбаева.

Каарманыбыз түйшүктүү эмгек менен бөлүштү.

«Кондучалова жана Кулатов аттуу инсандардын “Айылдагы жаштарды байкап, согуш убагында татыктуу билим ала албай калган эмгек алдыңкыларын, айрыкча аялдарды көтөргүлө деген тапшырмасынын негизинде бир келин экөөбүз тандалып, мени уй фермасына жумушка дайындашты. Ал жерде 3 жыл иштедим. Облус аймагында сүт чогултуу боюнча алдыга чыгып, бизди, ферманын уйчу, саанчыларын, карала жүн жоолук жана халат менен сыйлап, мага грамотасын кошо тапшырышты.

Андан соң айылдык кеңештин башчылыгына дайындалып, 3 жыл эмгектендим. Мен кат сабатымдын жетиштүү эместигин айтып, мектептеги класс жетекчи агайым бош жүргөн экен, аны катчылыкка жумушка алдым. Айылдагы энелердин атынан тиешелүү тараптарга арыз менен кайрылып, 100гө чукул үй-бүлөгө үйлөнгөндүгүн далилдеген күбөлүк, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана жөлөк пул алуусуна себепкер болдум. 1 жашка чейинки балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү айылдан, 5 жашка чейинкилерди Нарындан, 5тен өткөндөргө Бишкектен уруксат кагазы келгенден кийин өзүбүз жаздык. 3 балалууларга акча бөлүнүп берет деп калып, аны да алып берүүнүн жолун таап, акчалары дагы бөлүнүп келди. Анан катчым, 1 депутат, кассир, мал доктур болуп башкарма берген унаа менен Ак-Сай, Чоң-Кара-Кужур, Кичине-Кара-Кужур, Солтон-Сары, Соң-Көл, Көк-Торпок жайлоолорун кыдырып, баягы документ, акчаларды таратып жүрүп 15-16 күн дегенде келдик.

Пример HTML-страницы

Кийин соода тармагында 30 жыл иштеп, көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. СССР тарап, жеке ишкердүүлүккө уруксат берилгенде биринчилерден болуп “Долон” деген кооператив ачып, дүкөн иштеттик. Бул эмгегибизди мамлекет баалап, ГАЗ-69 унаасын белекке беришти. Пенсияга чыкканда кенедей эле акча чектелип калган экен. Көрсө, бир топ жылдык жогоруда айтылган эмгектерим эске алынбай калыптыр. Бирок, Кудай мага көп акча дагы, байлык дагы берди. Эң негизгиси көп балалуу, небере, чөбөрөлүү болдум.

Жаштайыман энемден кийиз, шырдак жана башканы жасаганга үйрөнгөндүктөн колум бош болуп калса эле боз үй эмеректерин, шырдак жасачумун. Кийин убакыт көп болуп бир топ шырдак, боз үйдүн жасалгасын, кийизин жана башка эмеректерин жасадым. Баш аягы 3 боз үй курадым. Анын бирин лицейге белекке бердим. Андан сырткары СССРдин курамына кирген 16 союздук республикалардын гербин сайма менен түшүрүп, туш кийиз жасадым. Аны көптөр сатып алалы дегенинен сатпай жүргөм. 1995-жылы Манастын 1000 жылдыгында Соң-Көлгө алып баргам. Аны мен жокто ошол кездеги Нарындын телекомунун чоңу Эсенгелди деген жигит 10 миң сомго Бишкектин телекомуна сатып жибериптир. Аны сатпайт болчумун деп, ал жигит менен чырдашып кала бердим», — деди ал.

2019-жылы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кырчын жайлоосундагы «Гүлазык» сынагына 12 түр тамак-аш даярдап бардым. Көлдүктөр эч нерсе жасабаптыр. Аларды менин жаныма кошуп берип коюшту. Комиссия баарыбыздыкын көрдү. Алып баруучу бала ал жерде мени тааныштырайын дегенде комиссиянын төрагасы: “Бул апаны тааныштырбай эле кой. Райыпа апага кооператив ачып, алгылыктуу иш алып баргандыгы үчүн ГАЗ-69 унаасын белекке бергенбиз. Апабызды тааныйбыз” деди. Ал жерден сүйүнгөнүмдөн бир азга көзүм тумандап, кулагым тунуп укпай калды. Сынактын жыйынтыгы менен 1-орунду жалал-абаддыктар, 2-орунду оштуктар, 3-орунду мага беришти. Анан 150 миң сом өлчөмүндөгү акчаны тапшырмакчы болгондо, акчаны алган жокмун. Бюджетте акча тартыш болуп жатканда бул оюнду уюштурууда дагы көп каражат кетти. Андан көрө ушул чыгымдарды жапканга колдонгула деп, үйдү көздөй жөнөп кетип баратсак, артыбыздан жок дегенде чай ичип коюңуз деп 4 миң сом берип жибериптир. Анын 2 миң сомун баягы алып баруучу жигитке берип, 2 миң сомуна унаага май куюп кете бердик», — деди ал.

Райыпа Сыдыкбаева совет мезгилиде паракорлук жок болгонун айтып, азыр бул жаман адатка айланганын айтат.

«Биздин окуп, иштеп жүргөн убакта пара берүү, алуу деген түшүнүк жок болчу. Өз күчүбүз менен окуп, алган билимибиз, жөндөмүбүзгө жараша жүмушка орношуп, ак иштечү элек. Азыр бул кадимки көрүнүш болуп калгандай. Кайда барда пара бербесең окутпайт, дарылабайт, жумушка албайт. Бул абдан өкүнүчтүү. Акча берип, алып жатып сапат деген нерсе жоголду. Билгени деле, билбегени деле акча берип баа койдуруп жатат. Акча бербесең , жакшы карабайт. Акча бербесең, жумушка орношо албай калган заман болду. Паракордук жоголсо бардык жерде өсүш болуп, сапат жогоруламак», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️