Колу-буту байланып, эс-учу жоголгон абалда табылган кыз. Соцкызматтын аракетинен кийин эне менен балдар кайгыга батты

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районунда байланган абалда табылган кыздын ата-энесинен 3 баланы алып, убактылуу борборго жайгаштыруу чечим кабыл алынды. Бирок, бул туура эмес чечим экенин «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, учурда балдар дагы, эне дагы ыйлап жатат.

«Жакында эле Сокулук районунда эле кошуналар тарабынан көчөдөн колу-буту байланып, эс-учун жоготкон абалда кыз табылган. Муну болжолдуу түрдө ата-энеси жасаган деп ойлогонбуз. Бирок, аны өспүрүмдөрдүн тобу жасаган. Бирок, чындыгында, ата-эне мындай аракетке барышкан эмес. Белгилей кетсек, үй-бүлө жакырчылыкта жашашат. Бирок, өтө жакырчылыкта эмес, болгону балдарды өзүнчө бөлмө менен камсыз кылууга материалдык жактан мүмкүнчүлүгү жок. Алар тар шартта жашашкан. Адистердин айтымында, балдар ата-энеси менен жылуу мамиледе. Ортолорундагы байланыш дагы жакшы. Бирок, ага карабастан, бүгүн Сокулук райондук балдар иштери боюнча комиссия үй-бүлөнүн үч баласын борборго убактылуу жайгаштыруу чечимин чыгарды. Балдар ыйлап жатышат. Апасы дагы ыйлап жатат. Бул алар үчүн чоң стресс. Мамлекеттик органдар балдарды алуудан мурун тобокелдиктерди баалоону жүргүзүшү керек деп эсептейм.

Балдардын айтымында, алар ата-энеси тарабынан кордук көрүшпөйт. Аларды ата-энелери жакшы багышат. Балдар жакшы тамактанышат.

Эгер ата-эне тараптан коркунуч жок болсо, баланы алып коюу баланын да, ата-эненин да психологиялык абалынын жакшырышына канчалык жардам берет? Эгер ата-эне тараптан зомбулук жок болсо, анда эмнеге балдарды алуу керек? Социалдык кызматтар так чечим кабыл алышы зарыл. Алар биринчи кезекте жардам көрсөтүшү керек. Эгер үй-бүлө жакыр жашаса, азык-түлүк жана кийим-кече боюнча жардам берүүгө милдеттүү. Ал эми турак жай боюнча маселе бар болсо, анда бул багытта жардам көрсөтүү керек. Бирок балдарды алып коюуга болбойт. Жакырчылык боюнча балдар үй-бүлөдөн алынса, анда өлкөдөгү элдин жарымынын балдарын алыш керек. Себеби бизде өлкөнүн жарымы жакыр жашайт.

Пример HTML-страницы

Бул учурда социалдык кызматкерлер балдардын, үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргогон жок деп эсептейм. Бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүү кызматындагы абдан чоң көйгөй», — деди ал.

Буга чейин Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 24-октябрында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Биринчи май айылында жашы жете элек кыздын байланган абалда табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Иш Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Ошондой эле балдар укуктары боюнча мамлекеттик уюмдар тартылды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү экспертизалар дайындалып, бардык күбөлөр, кыздын өзү жана ата-энеси суралды.

Учурда окуянын чыныгы жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдары улантылып жатат. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деп айтылган маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️