Колу байланып, сууга ташталган 20 жаштагы жигиттин өлүмүнүн жагдайлары белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushТокмок шаарындагы 20 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча 3 айыпталуучуга карата өкүм чыкты. Башкы айыпталуучу абакка кесилип, экөөнө мунапыс берилди.

Айыпталуучулар — М.Кымбат, Б.Каныбек жана Т.Мирлан.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, М.Кымбат жарандык никедеги жолдошу Т.Мирлан менен өз ара урушуп, уулун алып, бир тууган эжесинин Токмок шаарындагы батирине убактылуу көчүп барган. Эжеси Түркияда болгондуктан анын 2003-жылы туулган уулу Майрамбек (аты өзгөртүлдү, К.М.) жана 2010-жылы туулган кызы А.Н. менен убактылуу чогуу жашашкан.

2023-жылы 3-июлда болжол менен саат 13:00 чамасында М.Кымбат уулун Майрамбек далы тарабына уруп койгондугуна ызаланып, аны менен урушуп, экөөнүн ортосунда пикир келишпестик пайда болуп, ал чырга айланган. М.Кымбат Майрамбектин оозго алгыс сөздөрүнө ызаланып, жолдошу Т.Мирланга телефон чалып, Майрамбектен өч алып берүүнү суранган. Т.Мирлан жубайынын сөзүнө макул болуп, Майрамбекти өлтүрүү максатын көздөп, курал катары таяк алып чыккан. Бөлөсү Б.Каныбекти жубайынын үйүнө барып келүүгө көндүрүп, унаасын айдаткан.

2023-жылдын 4-июлунда болжол менен саат 03:00 чамасына чейин автоунаада күтүп отуруп, эл уктаган убакытта таякты алып, Майрамбек жашаган батирге барган. Майрамбек эшикти ачканда аны таяк менен башка бир нече жолу уруп, сыртка сүйрөп чыккан. Б.Каныбек аларды ажыратканына карабай, Майрамбекти күч колдонуп унаага отургузуп, Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылынын жогорку тарабындагы Чоң Чүй каналынын түндүк жээгине алып барган. Ал жерде Майрамбекти ур-токмокко алып, эки колун жолук менен байлап, Чоӊ Чүй каналына түртүп салган. Кылган кылмышын аягына чейин чыгаруу максатында Чоң Чүй каналынын жээги менен басып карап турган. Качан гана Майрамбек сууга чөгүп, кыймылдабай калган учурда артка кайтып келип, автоунаада күтүп отурган Б.Каныбекти айдатып кеткен.

Пример HTML-страницы

Кылмыш ишин жашыруу максатында аялына телефон чалып, Майрамбектин кан тактары бар футболкасын катып коюу керектигин айткан. М.Кымбат кан тактары бар футболканы катып, андан ары Токмок ШИИБге барып, Майрамбек үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз менен кайрылган.

Turmush 20 жаштагы жигиттин жансыз денеси Алга жана Кошой айылдарынын ортосундагы көпүрөнүн алдынан табылганын жазган.

  • Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, Майрамбектин өлүмүнө үстүңкү дем алуу органыны сууга чөктүрүп жаткан маалда суу менен жабылып калганы себеп болгондугу аныкталган.

Биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттук отурумдарда Т.Мирлан күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Анын айтымында, келинчеги менен өз ара пикир келишпестиктер болуп, 2023-жылдын 26-июнь күнү жубайы бир тууганынын үйүнө кетип калган. 2023-жылдын 3-июлунда жумушунда жүргөндө болжол менен саат 12:30 чамаларында келинчеги телефон чалып Майрамбек уулун сабап койгондугун айткан. Ал кайра телефон чалып, Майрамбек такыр батырбай жаткандыгын, уят сөздөр менен тилдегенин айтып, сүйлөшүп коюуну суранган. Кечинде жумуштан кийин бир тууган бөлөсү Б.Каныбектин үйүнѳ барып, болгон жагдайды түшүндүрүп, Токмок шаарына алып барып келүүсүн суранган.

Б.Каныбектин «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү авто унаасы менен Токмок шаарына келинчеги жашаган дарекке келип, саат 00:00дөн кийин Майрамбек жашаган батирге жалгыз өзү барган. Майрамбек эшикти ачып эле, уят сөздөр менен сөгүп, уруп жибергендиктен ага ачууланып, колундагы таяк менен бир-эки жолу чапкан. Майрамбек подъезден ылдый көздөй качып, анын артынан кууп чыгып, көп кабаттуу үйдүн арт жагынан кармап алган. Ал жерден экөө урушуп, Б.Каныбек автоунаасы менен келип, ажыратканга аралашканда ага «сен аралашпай тур» деген.

Т.Мирлан унаанын айдатып, Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылы менен Чоң Чүй каналынын боюна барышкан. Майрамбек уулун өпкө жагына тепкендигин айтканда ачуулукка алдырып, уруп жиберген. Ал каяша сүйлөп, экөө жакалашып, Б.Каныбек ортого түшүп арачалаганда ага «кет, кийлигишпе» деп кыйкыргандыктан, ал кетип калган. Белине байлаган жолукту алып, Майрамбектин колун байлап, ал каршылык көрсөткөндө кайра бетине уруп, эки колун, алды жагына байлап, коркутуу максатында каналга түртүп жиберген. Автоунаага келип, Б.Каныбекти айдатып кетип калышкан. Б.Каныбек Майрамбекти сураганда, «ал өзү барат» деп айтып коюп, үйүнѳ кетишкен. Эртең менен жубайы М.Кымбат телефон чалып, Майрамбекти сураганда аны талаага алып барып таштагандыгын, өзү келерин айткан. Саат 14:00 чамаларында жубайы кайра телефон чалып, эжеси милицияга кабар берип, уулун издөө керектигин айтканын билдирген. Майрамбектин футболкасы эшиктин алдында калып калгандыгын айтып, «аны үйгө алып кир кой» деген. Кечинде болжол менен саат 21:30 чамаларында аны Токмок ШИИБге чакырышкан.

Ал М.Кымбат менен Б.Каныбектин бул ишке тиешеси жоктугун көрсөткөн.

Ал эми М.Кымбаттын айтымында, жолдошу менен таарынышып, бир тууган эжесинин үйүнө барып, уулу, апасы жана эжесинин уул-кызы менен убактылуу жашап жаткан. 2023-жылы 3-июлда уулу нан жеп жатып ушалаганда Майрамбек ачууланып, аны катуу уруп койгон. Уулуна боору ачып, Майрамбек менен урушканда, ал уят сөздөр менен тилдеп, чыгып кетүүсүн айткан. Ошол күнү өзү да ооруп, жолдошуна телефон чалып, дары-дармекке акча сурап, ошондой эле Майрамбек уулун уруп койгонун айткан. Жолдошу жумуштан бошогондо бара турганын билдирген.

Эртеси Майрамбек келбегендиктен жолдошунан сураса, аны талаага алып барып таштагандыгын, күтүү керектигин айткан. Жолдошунун көрсөтмөсү боюнча подъездин алдында калган футболканы үйгө алып кирип, кир жуучу машинага салып койгон. Эжеси телефон чалып, уулун жоктугун айтып, милицияга арыз жазууну тапшырган. Милицияга барып, иниси жок болуп жаткандыгы боюнча арыз жазган.

Соттук отурумдарда Б.Каныбек угузулган айыбы боюнча күнөөсүн мойнуна алган жок. Анын айтымында, жумуштан келип отурганда бөлөсү Т.Мирлан жубайы кетип калганын айтып, ага барып келүүнү суранган. Келинчегин кайра алып келебиз деген ой менен макул болуп, өзүнө таандык болгон «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Токмок шаарына келишкен. Бөлөсү телефон аркылуу жубайы менен жазышып сүйлөшкөн, ага «кирип, сүйлөшүп чыкпайсызбы» деп айткан. Бир күн мурда жумушта нөөмөттө болгондуктан уйкудан калып, автоунаада отуруп уктап калган. Бир убакытта Т.Мирлан тургузуп, ага шерик болуп, экинчи кабатка чыгышкан. Эшикти Майрамбек ачып, Т.Мирлан аны сыртка чыгарып, колундагы таяк менен башка чапкан. Ажыратканга болбой ал сыртка качып, артынан бөлөсү кууган. Алардын артынан чыгып, автоунаасын айдап кеткенге аракет кылганда жолунан Т.Мирлан менен Майрамбек чыгып калган. Алар урушуп жатканканда ажыратканга аракет жасаган. Экөө маселени чечишип ала турганын айтып, унаага отурушкан.

Т.Мирлан Чүй районунун Жаңы-Турмуш айылындагы талаадагы каналдын жээгине айдаткан. Автоунаадан чыгып, экѳѳ урушуп жаткандыгын көрүп, аларды ажыратканга аракет кылганда бөлөсү «сен аралашпа, ары бар» деп ачууланганда жаңжалдан тажап, кетип калган. Автоунаада отурганда бөлөсү келген. Майрамбек кайда экенин сураганда «ал өзүнөн көрсүн, аны мен каналга түртүп салдым, сүзүп чыгып кетет» деп айткан. Ошол бойдон Кара-Дөбө айлына барып, бөлөсүн жеткирип, андан ары, өзү үйүнѳ барып эс алган. Т.Мирлан «окуя боюнча эч кимге айтчу болбогун» деп коркуткан.

М.Кымбат Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун 2023-жылдын 16-ноябрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 39-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-15-пункттары (өзгөчө мыкаачылык менен, адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүүгө катышуу) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Б.Каныбек Кылмыш-жаза кодексинин 39-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-15-пункттары (өзгөчө мыкаачылык менен, адамдардын тобу тарабынан жасалган адам өлтүрүүгө катышуу) менен күнөөлүү деп табылып, 12 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 29-февралындагы өкүмү менен Токмок шаардык сотунун 2023-жылдын 16-ноябрында өкүмү өзгөртүлгөн.

Айыпталуучулар М.Кымбат менен Б.Каныбек Кылмыш-жаза кодексинин 367-беренесинин 2-бөлүгү (өзгөчө оор кылмышты мурда убадалашпаган жаап-жашыруу) менен күнөөлүү деп табылып, ар бири 5 (беш) жылга эркиндиктеринен ажыратылып, жазаларын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү белгиленген.

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 9-февралындагы №42 «Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө» мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде М.Кымбат менен Б.Каныбек сот тарабынан дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазаларынын бошотулган.

Өкүмдүн калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылган. Алар сот залынан бошотулган.

Апелляциялык инстанциядагы соттордун чечими менен макул болбой, Чүй облустук прокуратурасынын бөлүм прокурору А.Шыгаев кассациялык сунуш менен кайрылган. Анда Чүй облустук сотунун соттук коллегиясынын 2024-жылдын 29-февралындагы өкүмүн жокко чыгарып, Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун 2023-жылдын 16-ноябрындагы өкүмүн күчүндө калтырып берүүнү суранган.

Жогорку соттун 2024-жылдын 5-июнундагы токтому менен Кыял менен Канат тууралуу Чүй облустук соттук коллегиясынын 2024-жылдын 29-февралындагы өкүмү күчүндө калтырылды.

Чүй облустук прокуратурасынын бөлүм прокурорунун кассациялык сунушу канааттандыруусуз калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️