Колдон учкан махабат ❤️6 бөлүм

Колдон учкан махабат же Үзүлбөгөн үмүт.
6-болум.
Гуля байкесинин үйүнө көчүп барган болчу, жеңеси биринчи унчуккан жок. Алып келген этти каалагандай бышырып жешти, кичине жакшыраак көрүнгөндүн баарын алып калды да үч күндөн кийин квартира таап, чыгып кет деди. Гуля унчукпай эшикке чыгып, ойлонуп олтуруп калды. Чындыгында Гуля жакшы аял болгондо эч ким тийишмек эмес, кайра ушул үч балага караан бол дешмек. Гуля жакшы болгондо Кыял дагы кайра барып иштеп, баардыгын бага бермек. Үйдүн артына жашынып алып, боздоп ыйлап алды. Акыл өлгөндө дагы мындай чын жүрөктөн ыйлаган эмес. Өзүнүн кандай адам экенин, эмне кылып койгонун түшүнгөндөй. Бирок ичиндеги уйгу-туйгу ыйлаба, сен күнөөлү эмессиң. Адам өзүнө жаккан жашоодо жашаш керек, өзүнө жаккан нерсени кылыш керек деп жатты. Башын мыжыгып көөпкө олтурду, Күмүш апасына таарынып сүйлөшпөй койгон. Гуляга эч ким баатир дагы бербейт, айла жок өзүнүн бир бөлмөлүү баатирин бошотуп көчүп кетти. Айгүл мындан ары эмне кылууну билбей калды. Үч эркек баланы үйүнө алып бара албайт, өздөрү араң жашайт. Кайненеси да булар менен чогу турат, инисине кошуп берейин десе бой жеткен балдар ал жерге да батпайт. Кыялды үйлөнтүп таштайын десе Гуля деген бир күн келип бир нерсе кылып кетеби!-деп коркот. Акылдын ошончо жыл чогулткан дүнүйөсүн саткысы келбейт. Айла калбай калды го. Ортого салып кеңеше албай турганда Кыял өзү сөз баштап калды.
—Эжеке Нурис дагы мектепти бүтүп жатат, Нурмат алтынчы класста окуп калды. Үйдү жаап, биз Россияга кетели. Нурматты кимдин колунан келсе карап берсин. Биз акча салып турабыз, салынып жаткан үйдү бүтүрүп, бул үйдүн ичин толтуруп анан үйлөнөйүн. Үйлөнсөм Нурматты алып келип алам, балким жумуш жакшы болуп кетсе баарыбыз кайра кетип калабыз. Таянаар тообуз жок, эми өзүбүз аракет кылбасак болбойт. Нуристин документин бүтүрүп, анан кетебиз. Малды алып барып багып берсеңиз жакшы болот эле, эгер жок десеңиз сатып жол кире кылабыз. Машинаны болсо сатпайм, атам машина алганда аябай катуу сүйүндү эле. Көзүнө жаш алган машинаны алып бергенимде, машина дагы сезгенби жүрбөй калыптыр. Бир жери бузулган окшойт, эртең алып барып оңдотом. Байке сиз айдай бериңиз, тура берсе да чирийт темир деген.
—Кыял менин өзүмдүн машинам бар да иним, сатпай коюп кой келип өзүңөр айдайсынар.
—Анда жезден айдап турсунчу, кичине такси кылса да тамак ашка тыйын тыпыр болуп калат эле.
—Мейли, болгону кандай акыбалда алса ошондой кылып кайтарса болду.
Он күндөн кийин үйдүн эшигин темир эшике алмаштырып, малдын баарын сатып айылга кетишти. Нурис паспорт ала элек экен, паспортко тапшырайын десе кара кагаз сурашты. Гуля бардык документтерди алып кетип калган, ошого кара кагаз дагы алалбай коюшту. Ал тургай өздөрүнүн апасынын да кара кагазын алып кетиптир. Башына урабы десең. Бир жерге арыз жазып коюшту, алар деле жообун кийин беребиз дешти окшойт айтор күтпөй кетип калышты. Талашка түшкөн үйдө эч ким калган жок, темир эшик жабылды да калды.

Бул окуяны айылдын баары угуптур, кээ бирөө Гуляны тааныбаса да сөз кылып жүрүштү. Мектепке Күмүштү баары сөөмөйү менен гезеп көрсөтүп, бетине күлүшүп аябай басынтышты.
Сүйүп жүргөн Нурланы Күмүш тарапты карабай койду. Уялганынан мектепке барбай жүрдү, мугалимдер улам келип чакырып кетет, баарыбир көгөрүп барбай койду. Гуляга баарыбир, тогузунчу классты бүткөндө эле окуткусу келбей жүргөн ансыз деле. Акыл болбой койгон, кыз бала билимдүү болуш керек. Анткени кыз болочоктогу эне, эне деген балага татыктуу тарбия, татыктуу билим бериш керек. Эгер бала билимдүү болбосо, келечеги жок болот деп, айтканынан кайтпай Күмүштү онунчу класска өзү жиберген. Гуля Күмүштү шаарга жиберип иштеткиси келген. Күмүштүн мектепти таштап салганы Гуляга сары майдай жакты, тез эле шаарга жиберип салды. Күмүштүн шаарда тууганы жок, же таанышы жок кайда бараарын билбей туруп калды. Автовокзалдан түшкөн Күмүш ылдый көздөй басып кете берди, түрмөнүн дарбазасы сыяктуу калың, узун болгон боз дарбазада тигүүчүлөр керек деп жазып коюптур. Кеч кирип баратат, айла жок дарбаза какты. Бетиндеги тырыш миң кабат болуп кеткен арык киши чыкты, Күмүштүн мурдуна тамекинин жыты бур эте түштү. Курсагы ачып турган Күмүштүн башы айлана түштү.
— Тигүүчү керек деп туруптур, ошого келгем.
—Кимге келдиң?
—Билбейм жазылып туруптур ошол жерге.
—Айнурдун цехине болсо керек, ал ажаан катын. Байкушум кийимдерин менен кошо келиптирсин бараар жериң жокпу?
—Жок, иштегени келгем. Батир табыш керек, анан бул жерди көрүп калдым.
—Бас бул жерде жакшы жер бар ошол жерге сүйлөшүп берем. Тиккенди билесиңби?
—Ооба тигип эле жүрөм.
Күмүш ток менен иштеген тигүүчү машиналарды көргөн эмес мурун, үйүндө топчу тиккенин анан кол машинада эки- үч жолу тиккенин айтып жатат.
—Назира сага жаңы тигүүчү кыз алып келдим, карасаң бараар жери жок экен. Иштеген кыздарга кошуп койчу соопко калгыр.
— Атың ким сенин? Шаарда туугандарың барбы?
— Күмүш, жок апам шаарга барып, жумушчу керек деген жерди изде деген. Эки күн ошол жерде эптеп түнөп алсаң, анан батир таап аласың деген.
— Эмне болгон эне я бойго жеткен кызды шаарга жалгыз жиберген? Жашың канчада?
—Он алты.
—Мектепти бүткөн белең?
—Тогузунчу классты бүттү деген күбөлүк бар. Онунчу классты бүттүм бирок, папабыз каза болуп калып иштеш керек болуп жатат.
—Башка бир-туугандарын жокпу эмне?
—Эже сизге жумушчу керекпи? Эмне мени соттоп жатасыз, тээ жактан бери иликтеп. Керек эмес болсо айтыңыз эрте күндү кеч кылбай, түндө жолдо калбайын.
—Иий куйчукелигин кара могу кыздын, кайра мага док урунат да. Ай Айка бери келчи, бул кыздын аты Күмүш экен. Жумуш издеп келиптир, эмне жумуш кыла алат экенин байкачы. Бир жерге жумушка албасак болбойт, бараар жери жок экен.
—Бараар жери жоктор келсе баарын ала бересизби? Жумуш өзүбүзгө аз болуп жатса.
—Айка эми сенден сурайынбы? Айтканды кыл, анан квартиранарга кыз керек деп жүрөт элең, мына Күмүштү алып барып ал.
Айка жактырбаган түрү менен айла жок Күмүштү машиналардын жанына алып барды. Тик деп олтургузуп өзү кетип калды. Күмүш кантип иштетүүнү билбей көпкө турду, сурайын десе жана тиккенди билем деп койгон. Бир аз олтуруп анан ыйлап жиберди.
—Эже бүгүн ушул жерде түнөп алайынчы, эртең таң атпай кетем. Үйдөн тигет элем, мындай машинаны эми көрүп жатам.
—Ошого да ыйлайсыңбы? Үч күндө үйрөнүп аласың макулбу, азыр болсо башка кыздардын кантип тиккенин карап чык.
Күмүш сүйүнүп кетти, болгону элүүдөй эле тигүүчү кыз иштейт бул жерде. Эки бригадага бөлүнүп алышкан, Айка экинчи бригаданын башчысы, Күмүштү эптеп наркыларга түрткүсү келип, шылтоо таппай койду. Ал күнү Айканы эрчип бир кичинекей батирге барды, дагы үч кыз жашайт экен. Үч миң төлөшөт, төртөө жашайт. Күмүш ичинен ойлоп алды, кырынан араң жатышат анан дагы бир кыз алабыз деп койот. Эмне биринин үстүнө бири жатабы эмне?-деп. Бул оюн Айка билип алгандай:-ушундай жашоо шаарда, бир сом болсо да үнөмдөп үйгө жибергени аракет кылып жүрөбүз. Анан аябай чарчап келгенде башың жаздыкка тийгенине сүйүнүп, байкабай дагы каласың!-деди. Айка өзүнүн төшөгүн алып, кыздардын баш жагындагы жарым метрдей эле жерге салып жатып алды. Күмүштү болсо өзүнүн ордуна жаткырды. Күмүштүн төшөгү да жок болчу, ал күнү эптеп калың жемпирин астына салып жатты. Айка дагы көңүл бурбай койду, түндө уйкудан туруп алды. Ичи ушундай курулдайт, жанындагы кыздардан аябай уялды. Кече үйдөн чыгып баратканда бир кесим нан менен чай жутуп алган. Ошол боюнча кечинде дагы чай ичпей жатты. Күмүш ачка жүргөнгө көнүп деле калган, азыр деле ичи ачышып айласын кетирген жок, болгону ичи катуу курулдап ыңгайсыз абалга калтырды. Туруп бир нерсе шам-шун этип алайын десе өзү эч нерсе алып келген эмес. Эптеп таң дагы атты, эртең менен бутун бирөө катуу тебелеп алганынан чочуп кетти. Жанында жаткан кыздардын бирөөсү экен, кечирим дагы сураган жок, көнүмүш нерседей ырдап жаткан ырын бузбай жүрө берди. Айка дагы жаңы туруптур, бети колун жууп келсе, эми чай ичээрбиз деп турган. Кайдан бул үйдө эч ким чай ичпейт окшойт, баардыгы эле жыйнанып кетип жатышты. Айка чыкканда, Күмүш артынан чыкты. Кечеги жерге келип, өз ордуна олтуруп алды. Күмүш эмне кылууну билбей карап жүрө берди, анан Назира келип, Күмүштү ылдый көздөй алып жөнөдү. Күмүш эмне кылсаң өзүң билесиң дегенсип эрчип барды. Чооң сызгыч сыяктуу бычактар тарактап иштеп жатыптыр, эмне кылат дегендей карап турду. Тигилип жаткан көйнөктөрдү ошол жерден бычып чыгарат экен. Жанагы бычакка адамдын бир жери тийсе билдирбей, шырт этип алып кетчүдөй экен. Көздөрүнө жаш ала түшкөн Күмүш бул жерде иштебейм деп жиберди.
—Бул жерде иштебейсин, бул байкени көрдүңбү ошол байкең сага тиккенди үйрөтөт. Көрдүң го өйдө жактагы кыздар сага үйрөтүүдөн качып жатышат. Тиги машинага олтур, бир жолу көрсөтөт сен аракет кылып үйрөнүп ал. Могу жараксыз нерселерди эле тиге бер. Түз тигип калсаң анан дагы башка жерлерин көрсөтөт, үйрөнбөй бул жерден чыгам деп ойлобо. Башын акырын ийкеп олтуруп калды. Жанагы бычак дарылдап иштегенде эч кимдин үнү угулбай калат экен, киши көрсөтүп коюп өзүнүн жумушун кылып жүрө берди. Эң башкысы Күмүш машинаны өчүрүп, жандырганды үйрөнүп алганына сүйүнүп турду. Түшкө чейин түз тигип үйрөнүп алды.
—Байке мен түптүз тигип калдым, эми башка жерлерин үйрөтүңүзчу.
—Азамат турбайсыңбы, азыр үйрөтөм. Кел биринчи чай ичип алалычы. Күмүш шилекейин улутуна жутуп , аябай сүйүнүп кетти.
—Бар сен тамагыңды алып келе бер, чогу ичели э. Бүгүн жакшы болбодубу жалгыз ичпей.
Кайра сомсойо түшкөн Күмүш, мен ичпейм деди. Көзүнөн ыссык тамак өтүп, ичи ачышып кетти. Тиги киши таң калган деле жок, анткени Күмүштүн ачка экенин кайдан билсин.
—Кел жок дегенде жөн эле чай ичип олтурчу жанымда, жалгыз тамак да өтпөйт.. Унчукпай келип куюлган ыссык чайды тамшанып ичип койду. Ыссык чай барганда ичи дагы курулдап жиберди уят кылып.
— Күмүш сен эмнеге тамак ичпейсиң? Ачка турбайсыңбы, кел ал тамактан.
—Жок иче бериңиз, ток элемин.
—Эмне акчаң жокпу?
—Ооба акчам жок, кече эле шаарга келдим. Кече бул жака албаганда көчөдө калмакмын.
—Бас азыр курсакты аябай тойгузабыз.
Эшике чыкса жеңил унаада ар түрдүү тамактарды сатып жатыптыр. Бул короодо алты тигүүчү цех бар, көбү тамак сатып алып ичишет. Алыс барганы мүмкүнчүлүгү жок болгон үчүн бир акылдуу ушул жерге бышырып келип сатат. Күмүштү мурун көрбөгөн үчүн тамакты карызга бермек эмес, ошол үчүн байке өз атына жаздырып алып келди. Жакшысы тамакты айлыкка чейин карызга берет болчу.
—Байке мен кантип төлөйм эми? Жөн койсоңуз болмок, бул жерде иштей албай калсам эмне болот?
—Сага мен үйрөтүп жатпаймынбы, демек эртеңден калбай өйдө жака чыгасың.
—Бул жерде калсам болобу?
—Бул жердеби, ушунчалык ызы-чууга чыдайсынбы?
—Тиги жак деле кем калбайт экен.
Экөө каткырып алышты, бардык тамакты ортого коюп чогу тамактанышты. Байке дагы аябай жакшы адам экен, бошоп калса эле чуркап келип Күмүштү карап эки күндө үйрөтүп койду. Назирага эртеси көрсөтсө өйдөгө чыгып, крой алып тиге берүүсүнө уруксат берди.
—Назира эже ушул машина бош экен го, ушул жерде олтура берсем болобу? Өзүмө ишенбей турам, байкеден дагы сурап жакшы конгучо.
—Байке уруксат берсе болот.
Күмүш ошол жерде иштеп калды, байке дагы бошогондо кошумча акча деп тигет экен. Суранып өйдөдөн дагы бир машина алып алышты. Маанайы дагы жакшы болгондуктанбы көп дагы тигип баштады. Айлык алганы келгенде Айкадан бир аз эле аз айлык алыптыр. Бирөөнүн акчасы менен иши болбой эле койсо болот бирок, Айка ичи тарып эмнеге мени менен бирдей алып жатат жаңы үйрөнсө дагы. Мен үч жылда ушул айлыкка араң жеттим!-деп жинденип жүрдү. Айласын таппай Күмүш менен байкени ойнош экен!-деп ушак чыгарып салды.

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️