Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кол өнөрчү Г.Эсеналиеванын 61 жыл мурун жасалган туш кийизине кызыккандар көп

Акыркы жанылыктар

Turmush50 жаштагы нарындык уз Гүлжан Эсеналиева 1962-жылы апасы сайган туш кийизди эч кимге бербей, азыркыга чейин сактап келет. Өзүнүн айтымында, туш кийизди кезинде музей кызматкерлери сурап келишкен. Бирок каарманыбыз: «Апамдан калган таберик» деп берген эмес.

«Апамдын эски туш кийизин көрсөтмөлөргө алып барып жүрөм. Бул туш кийиз 1962-жылы сайылыптыр. Жөнөкөй илме шибеге менен сайылган. Туш кийиз илгерки кездемеден жасалган. Убагында үйдө илинип турчу. Азыр модасы бүтүп, сандыкта сактап жатам. Апам: «Менин кол эмгегим, сактап жүр» деп берген. Кызыккандар: «Сатасыңбы?» деп сурашат. Апамдым кол эмгеги мен үчүн өтө баалуу. Ошондуктан бергим келбейт, саткым дагы келбейт. Мунун баасы жок. Музейге бир жолу сурашканда берген эмесмин.

Апам уз киши болчу. Тушкийизден сырткары согулган кабы, таар, шырдактары бар. Күйөөгө тийгенде сепке берген. Боз үйү улуу эжеме берилген», — деди ал.

Нарын районунун Ак-Кудук айылынын тургуну кыргыз буюмдарынын түрүн жасап келет.

«Апамдын жолун жолдоп кыздары кол өнөрчүлүк менен алектенебиз. Азыркы талапка ылайык паннолорду жасап жатабыз. Сумкаларды, чокойлорду ийне-жиби жок уютуп жасайм. Мындан тышкар шырдакка буйрутма түшөт. Аны жасайбыз. Көбүнчө шырдакчаларды жасап өткөрөбүз. Буларды көрсөтмө катары музейге, кафе-ресторандарга илип коюшат», — деди ал.

Каарманыбыздын 3 эркек, 4 кыз, 5 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE