Пример HTML-страницы

КӨЭАУда олимпиадада ийгилик жараткан студенттер жана аларды даярдаган окутуучулар сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-майда Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Аймактык университеттер аралык XI студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн жана аларды даярдаган мугалимдерин сыйлоо иш-чарасы өттү.

Сыйлоо аземине университеттин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков баштаган жетекчилик катышып, студенттик олимпиадада ийгилик жараткан студенттерди куттукташты. Ректор аймактык олимпиадада 1-орунду камсыз кылган студенттерге 5000 сом, даярдаган окутуучусуна 3000 сом, 2-орунду алган студенттерге 3000 сом, мугалимине 2000 сом, ал эми 3-орунду алгандарга 2000 сом, мугалимине 1000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар өздүк эсептерине которулганын билдирди.

Ошондой эле 3 жыл катары менен студенттери жеңишке жеткен окутуучуларга университеттин ардак грамотасын тапшырып, мындан кийин аймактык, республикалык олимпиадаларда, спорттук-маданий иш чараларда 3 жыл бою жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен студенттерге жана аларды даярдаган окуутучуларга өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.

«Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында өлкөнүн түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында өтүп келе жаткан аймактык олипиадада Кыргыз-Өзбек эл аралык университети жыл сайын жогорку көрсөткүчтөрдү камсыздап келет. Былтыркы окуу жылында жалпы жыйынтык боюнча 1-орунду багындырышкан. Быйылкы окуу жылында дагы жакшы даярдыктарды көрүп, ийгиликтерди жаратып келишкен», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE