Кочкорлуктар 14 жылдан бери үлүш жерге жетпей жатканын айтышты

TurmushПрезиденттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Кочкор районунун эли менен жолугушту. Анда жергиликтүү тургундар трансформация маселесин айтып чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор айылынын тургуну Аскарбек Алканов көп жылдан бери жаштарга жер бөлүнбөй жаткандыгын айтып, маселе тезинен чечилсе жакшы болорун белгиледи.

«Үлүш жер берилет деп айтылып келе жатканына 14 жыл болду. Жаштар батирден батирге көчүп жүрүшөт. Кээ бир үйдө 3 же андан ашык үй-бүлө чогуу жашап, ал гана эмес күйөө балдар менен чогуу жашагандар да бар», — деди ал.

Ушул маселени Умаркүл Турсунова да көтөрүп, үлүш жерлер 8 сотыхтан берилүүсүн талап кылды.

«Жер алабыз дегенге 14 жыл болду. Жыл сайын эле чечилет делет. Бирок дайын жок. Үлүш жер 6 сотыхтан берилет деп жатышат. Бул аянт аз болуп калат. Ошондуктан 8 сотыхтан берилүүсүн талап кылам», — деди ал.

Бул боюнча райондун акими Курбанбек Камчыев Кочкор району боюнча 437,4 га жер трансформацияга берилип, быйылкы жылы элге берилерин маалымдады. Ал эми бир кишиге 8 сотых үлүш жер берилүүсү боюнча айылдык кеңештин депутаттарына кайрылуу керектигин айтты.

Пример HTML-страницы

Мындан сырткары айыл тургундары Семиз-Бел айыл өкмөтүндөгү Арсы жана Семиз-Бел айылдарына бийик тоолуу аймак коэфицентин коштурууну айтып чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️