Кочкорлук жаш аккордеончулар Румыниядагы фестивалда өнөрүн тартуулайт

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы Молдобасан Мусулманкулов атындагы балдардын искусство мектебинин жаш аккордеончулар тобу болгон «Келечек» балдар ансамбли Румынияда өтө турган фестивалга жолдомо алышты.

Аккордеончуларды даярдап, Ош шаарындагы «Дүйнө элдеринин маданияты» фестивалына алып барган мугалими Элизат Жумагазы кызынын айтымында, аккордеон черткен жалпы 5 окуучу бар. Алар 2-3-класстын окуучулары.

«Фестивалда ансамблден тышкары өзүнчө соло эки окуучум чертип, алар 2-орунду алышты. Ансамбль черткен окуучуларым Румынияга жолдомо алды. Алар: Элдар Темирбекөв, Артур Дербишалиев, Адилет Асылбеков, Баел Асанов, Даниел Рысдөөлөтов. Эми буюрса өнөрлөрүн чет өлкөдө көрсөтөбүз», — деди Жумагазы кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️