Кочкорлук эки бүтүрүүчү кыз президенттин колунан сыйлык алды. Алардын бири Америкада окуп келген

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районундагы эки бүтүрүүчү кыз президенттин колунан сыйлык алды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Кочкор айылындагы Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Чолпонкулова Раяна Жаныбекова жалпы республикалык тестирлөөдө 222 упай топтосо, Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Эсенбековна Айжан Алмазовна 218 упай топтогон. Алар өлкөдөгү эң жогорку балл алган 56 бүтүрүүчүнүн катарына кошулуп, «алтын сертификат» ээлери менен бирге президент менен жолугушууга чакырылып, президенттин колунан сыйлык алып кайтышты.

Раяна Чолпонкулов 2006-жылы Кочкор айылында төрөлгөн, 4 бир туугандын экинчиси, эжеси жана 2 сиңдиси бар. Атасы банк кызматкери, апасы жеке ишкер. 2013-жылы И.Ирабаев атындагы мектепке 1-класска кирген, ошол эле жылдын 2-чейрегинен баштап, ата-энесинин жумушуна байланыштуу Жумгал районундагы Т. Турсунбаева атындагы орто мектебине которулган. Жумгал районундагы Татыбүбү Турсунбаева атындагы орто мектебинде 4-класска чейин окуп, 5-класстан баштап Кочкор районундагы Ишенаалы Арабаев атындагы орто мектепте окуган.

Мектепте окуп жүргөн кезинде комуз, бий ийримдерине катышкан. Окуудан тышкары кошумча сабактар боюнча ийримдерге катышып турган. Окуунун отличниги болгон. Жалпы республикалык тестирлөөдөн негизги сынактан 222 упай, тарых сабагынан 87, англис тили сабагынан 86, математика сабагынан 109 упайга ээ болгон. Аны жалпы республикалык тестирлөөгө даярдаган орус тилчи жана адабиятчы мугалими — Шейшенова Атыркүл Шейшеновна, математика мугалими — Сулайманова Элмира Исаковна.

Райана информатика жана прикладдык математика факультетине ташырууну пландап жатканын айтты.

Пример HTML-страницы

Айжан Эсенбекова 2006-жылы Кочкор айылында туулган. Жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тесттен 218 упай топтоп, район боюнча экинчи орунга ээ болду. Тандоо сабактарынан англис тили сабагынан 145, математика сабагынан 98 упайга ээ болгон. Ал 2021-2022-окуу жылында англис тили предмети боюнча облустук олимпиадада 1-орунду ээлеп, республикалык турга катышкан.

Ошол эле жылы программалардын биринин жеңүүчүсү болуп, 2022-2023-окуу жылында АКШда окуп келген. Быйылкы окуу жылында Борбордук Азиядагы Америка университине тапшырып, грант утуп алган. Ал бюджеттик формада окуйт, аталган университеттин студенти болду.

«Жалпы республикалык тестирлөөдө мени англис тили сабагынан даярдаган мугалимим Света Абакировага, математика сабагынан даярдаган мугалимим Үсөнова Нурзат Зарылбековнага терең ыраазычылыгымды билдирем.

Биз жашап жаткан доордо эң керек болгон тил — англис тили болуп эсептелгендиктен кичине кезимден англис тилин үйрөнүп, өздөштүрүүгө багыт койгом. Чет өлкөдөн окуп келип, өлкөбүздүн билим тармагына салымымды кошсом дейм. Чоң аталарыбыз Кеңеш Мырзабеков көп жылдар жетекчи кызматтарда иштеп, мамлекетибизге ак кызмат өтөгөн инсандардан болгон. Биз да «аккан арыктан суу агат» дегендей, буюрса жакшы билим алып келип, өлкөбүзгө өз салымыбызды кошсок деген оюм бар», — деди ал.

Эки бүтүрүүчү кыз президент Садыр Жапаровдун колунан «Мамлекеттин сыймыгы» мактоо грамотасын жана ноутбук белекке алышты.

Буга чейин Turmush Ишенаалы Арабаев атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Раяна Чолпонкуловага 1000 доллар берилгенин жазган. Ал эми орус тилчи жана адабиятчы мугалими Шейшенова Атыркүл Шейшеновна 250 доллар, математика мугалими Элмира Сулайманова 250 доллардын сертификатына ээ болушкан. Ал эми И.Арабаев мектеп-гимназиясына «Volkswagen Passat B5» үлгүсүндөгү автоунаа берилген болчу.

  • ЖРТдан алдыңкы орунду алган мектепке автоунаа берүү жөрөлгөсү Кочкор районунда алгачкы жолу болуп жатат.

Ошондой эле Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айжан Эсенбекова 10 000 сом акчалай сыйлык тапшырылган.

Кочкор районунда жалпы республикалык тестирлөөгө 849 бүтүрүүчүнүн 747си катышып, 485 бүтүрүүчү 110 баллдан жогору упай алышкан. Анын ичинен 13 бүтүрүүчү 200 упайдан жогорку көрсөткүчкө ээ болгон.

ЖРТдан жогорку упайга ээ болгон бүтүрүүчүлөр:

1. И.Арабаев атындагы мектеп-гимназиясы: Чолпонкулова Раяна Жаныбековна, 222 упай;

2. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясы : Эсенбекова Айжан Алмазовна, 218 упай;

3. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гиназиясы: Батырбекова Фаризат Мирбековна, 216 упай;

4. Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гиназиясы: Жамангулова Аделя Нурланбековна, 215 упай;

5. И.Арабаев атындагы мектеп-гиназиясы: Зарылбеков Намысбек Акылбекович, 208 упай;

6. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гиназиясы: Исламова Акмарал Исламовна, 207 упай («Алтын тамга» артыкчылык аттестатынын ээси);

7. Жунушалы кызы Сайнап атындагы мектеби: Нурланбек уулу Жанарбек, 207 упай;

8. О.Айбашов атындагы орто мектеби: Темирбеков Азимбек Таалайбекович, 206 упай;

9. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гиназиясы: Шайырбек Зулайка, 205 упай;

10. К.Мырзабеков атындагы мектеби: Сабырова Малика Мирланбековна, 204 упай;

11. Сагынбай Орозбак уулу атындагы мектеби: Апышова Бермет Кенжебековна, 204 упай;

12. И.Арабаев атындагы мектеп-гиназиясы: Аманова Бермет Айтбековна, 202 упай;

13. С.Исмаилов атындагы мектеби: Бактыбекова Айперим Бактыбековна, 200 упай;

14. К.Мырзабеков атындагы мектеби: Дүйшөнбекова Перизат, 199 упай;

15. Жунушалы кызы Сайнап атындагы мектеби: Жолдошбекова Нураида Айбековна, 199 упай;

16. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гиназиясы: Майрамбек уулу Медер, 198 упай;

17. Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гиназиясы: Станбекова Амина Ишенбековна, 196 упай;

18. И.Арабаев атындагы мектеп-гиназиясы: Базарбекова Назик Базарбековна, 195 упай;

19. Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектеби: Эркинбекова Камила Эркинбековна, 194 упай;

20. Шапак Рысмендеев атындагы мектеби: Шакирова Азима Райымбековна, 194 упай;

21. А.Бостонов атындагы мектеп: Таалайбекова Айзирек, 192 упай;

22. К.Мырзабеков атындагы орто мектеп: Керезбек уулу Нурсултан, 192 упай;

23. Н.Жүндүбаева атындагы атындагы мектеп-гиназиясы: Максатбеков Айдар Максатбекович, 192 упай;

24. И.Арабаев атындагы мектеп-гиназиясы: Айтбаева Медина Дайырбековна, 192 упай;

25. С.Исмаилов атындагы мектеп: Болотбекова Сайкал Болотбековна, 191 упай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️