Пример HTML-страницы

Кочкордун жайлоосунан ири жырткыч атылды. Мергенчилер аны кандай ыкма менен жок кылганын айтып беришти

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКочкор районундагы Дөң-Алыш айылында малга кол салган карышкыр атылды. Бул тууралуу Turmush басылмасына мергенчилер билдирди.

Алардын айтымында, жырткыч буга чейин малчылардын тынчын алып келген. Тактап айтканда, Дөң-Алыш айылынын Кара-Кол жайлоосунда карышкырлар күн алыс кунан чыкма тайларды жеп жаткан. Айласыздан малчылар мергенчилерге кайрылышкан.

Мергенчи Темирбек Кыдырбаев малчылардын суранычы менен Бишкек шаарынан келген. Темирбек Кыдырбаев, Турат Мамбетсадыков жана башка мергенчилер Кара-Кол жайлоосундагы Сары-Жон учаскасынан таңкы саат 04:30-05:00 чамасында карышкырды улуп чакырышкан. Алар жашырынып улуган кезде эки чакырым алыстагы кырдын артынан карышкыр улуган. Темирбек Кыдырбаев аны улуп чакырган кезде карышкырдын чоң дөбөтү мергенчилерге жакындап келген. Карышкыр 124 метр жерге жакындап келгенде Темирбек Кыдырбаев атып алган.

Бул карышкыр ошол түнү да семиз тайды жеген.

КР президентинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, зыяндуу жырткыч жаныбарларды атып санын азайтуу үчүн сый акынын көлөмү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-февралындагы №89 токтомуна ылайык, бир баш карышкырга 6000 сом, бир баш чөөгө 2000 сом жана бир баш бөлтүрүккө 1500 сом болуп бекитилген. Тиешелүү документтер толук тапшырылгандан кийин социалдык фондго, киреше салыгына төлөмдөрдү кармоо менен карышкырга 4800 сом, чөөгө 1600 сом, бөлтүрүккө 1200 сом сый акы мергенчилердин өздүк эсептерине которулуп берилет.

2023-жылы Нарын облусунун аймагында 117 карышкыр (702 000 сом), 98 чөө (196 000 сом), 2 бөлтүрүк (3000 сом) атылып, жалпы 901 000 сом мергенчилерге мамлекеттен сый акы катары төлөнүп берилген.

Райондор боюнча:

— Ак-Талаа району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 17 чөө (34 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом);

— Ат-Башы району боюнча 58 карышкыр (348 000 сом), чөө 6 (12 000 сом);

— Жумгал району боюнча 15 карышкыр (90 000 сом), 27 чөө (54 000 сом);

— Кочкор району боюнча 24 карышкыр (144 000 сом), 38 чөө (76 000 сом);

— Нарын району боюнча 10 карышкыр (60 000 сом), 10 чөө (20 000 сом), 1 бөлтүрүк (1500 сом) атылып, сый акылары өз убагында которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE