Кочкордун жаңы акими жамаатка тааныштырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-октябрда Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Баялы Досалиев район активине тааныштырылды.

Жаңы акимди президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү тааныштырды.

Кочкор районуна жаңы аким дайындалганы 30-октябрда эртең менен белгилүү болду. Президенттин администрациясынын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен Чоткараев Камил Алияскарович ээлеген кызматынан бошотулду. Ал аким болуп 2024-жылдын 13-мартында дайындалган.

Ал эми Досалиев Баялы Атамырзаевич Кочкор районунун акими болуп дайындалды. Ал учурда 56 жашта, буга чейин Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинде директор болуп иштеген.

Акимчиликтин кызматкерлери Turmush басылмасына берген комментарийинде жаңы акимдин дайындалышы алар үчүн күтүүсүз болгонун айтышты. Бирок аким алмашары тууралуу маалымат болжол менен бир ай мурун айтылган.

Пример HTML-страницы

Чоткараев Кочкор районунун акими кызматына 2024-жылдын март айында дайындалган. Ага чейин, тактап айтканда 2021-жылдын март айынан тарта Президенттин администрациясында укуктук камсыздоо башкармалыгында эксперт катары иштеген.

———————————————-

УКМК 2024-жылдын март айында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары менен башкы адис камакка алынганын билдирген.

Колго түшүрүү операциясы 13-мартта жүргүзүлүп, Кочкор районунун акиминин биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. кармалган. Расмий маалымат боюнча, жооптуу кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарууда Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактаган эмес.

«Ээлеген кызматынан четтетүүгө алып келиши мүмкүн болгон мыйзам бузууларды жашыруу үчүн УКМК кызматкерине Б.Т.А. жана С.Б.А. тарабынан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражат сунушталган», — деп айтылган маалыматта.

Бул каражат электрондук эсепке которулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️