Кочкордун тургуну Момуналиев сүт жана эт багытындагы уйларды көбөйтүп жатат

TurmushКочкор районундагы фермер Нурлан Момуналиев асыл тукум саан уйларынын санын көбөйтүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Нурлан Момуналиев 1975-жылы 1-январда Кочкор районуна караштуу Талаа-Булак айыл аймагында туулган.

«Азыр биздин элибиз саап жаткан кадимки уйлар күнүнө 6 литрден гана сүт берет. Мен сүт багытындагы симментал породасындагы уй сатып алып, анын санын 6 башка жеткирдим. Андан сырткары «Ала-Тоо» породасындагы 2 уй сатып алдым. Симментал породасындагы уйлар эт жана сүт багытында өстүрүлөт. Суткасына 20 литрден сүт берет. Көп кыймылдап, көп тоют жеп оорубайт. «Ала-Тоо» породасындагы асыл тукум кыргыз уйлары 16 литрге чейин сүт берип жатат. Ушул уйлардын санын арбытсам деп жатам.

Мал бакканга жараша асыл тукум мал баксаң, ал актайт экен. 10 чакты «Алай-Гисар» породасындагы кыргыз койлор, тыбыт багытындагы 15 баш эчки бар. Жылдан жылга булардын санын көбөйтүп жатам. Андан сырткары үй-бүлөнүн кирешесин өстүрүү үчүн 30 чакты үндүк багам. Аны семиртип жаңы жылга карата сатабыз. Үндүк жемди көп жейт. Ага арпа, буудай, эспарцет чөбүн берип, семириш үчүн камыр жууруп беребиз. Базарга 1500 сомдон сатылат», — деди ал.

Нурлан Момуналиев 2007-жылы «Тамчы-Суу» айыл чарба үрөнчүлүк кооперативин уюштурган. Ал Кочкор районунун дыйкан-фермерлерине жогорку сапаттагы арпанын, кызыл кылкандуу буудайдын, эспарцеттин «Белек» сортундагы уруктарын жайылтып келүүдө. Ошону менен бирге районго кара күрүчтүн үрөнүн айдап, фермерлерге аны өстүрүүнүн жолдорун үйрөткөн. Кооператив Талаа-Булак айыл аймагына караштуу Комсомол айылында, 90 гектар жери, 25 мүчөсү бар. Мамлекеттин дыйкандарды колдоо программасы аркылуу Кочкор районуна 15 тонна буудай, 15 тонна арпа, Ак-Талаа районуна 20 тонна арпанын үрөнүн тараткан.

«Үрөн 27 сомдон болсо, дыйкан 19 сом гана төлөйт. Калган акчасын мамлекет тарабынан төлөнүп берилет. Ушул багытта үрөндөрдү таратып келе жатабыз», — деп кошумчалады ал.

Пример HTML-страницы

Нурлан Момуналиев Кочкор айылындагы үйүнө атайын үрөн сактоочу кампа, уй, кой бага турган короо сарай салып алган. Үй-бүлөсү анын ишине жардам берип келе жатат.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️