Кочкордун тургуну Асаналиева жумуштан сырткары кийимдин түрлөрүн тигип жатат

TurmushКочкор районунун тургуну Диана Асаналиева бош убактыларында кийим тигүү менен алек. Жаратман балдардын кийимдеринен тартып, тойго кийүүчү көйнөктөрдү да даярдайт. Уз айым эң биринчи жолу унаанын отургучтарына сырт капты өзү бычып тиккен. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мектепте окуп жүргөндө таежем кездемелердин арткандарын мага берчү. Мен алардан бийлегенге ар кандай формаларды тигип алчумун. Кийин студент болуп шаарга барганда бош убактымда тигүү цехтеринде иштеп калдым. Ошол аралыкта бычмачылардын кийим бычып жатканын карап койчумун. Бир күнү чогуу окуган тайпалашым: «Сен тигүүчү болуп иштеп жатыптырсың. Материал алып келип берейин, атамдын унаасынын отургучуна сырт тигип берчи» деп калды. Мен аны быча албайм деп айткандан уялып, өзүм бычып тигип бердим. Кийин турмушка чыгып, декретте отурганда тойго барарда көйнөктөрдү өзүм тигип алчумун. Тааныштарым: «Көйнөк тигип берчи» деп сурап калышчу. Атайын окуусуну окуп, адис болбогондон кийин бузуп албайын деп коркуп макул болчу эмесмин.

2018-жылдары атайын кийим тигүүчү машина алып беришти. Ошондон тартып менде стимул болуп балдарыма кышкы куртка, спорттук кийимдерди тиге баштадым. Жаңы жыл алдында майрамга карата кечки көйнөктөрдү тигип, базарга койдуруп баштадым. Ошентип жатып тааныштарым көбөйө баштады. Шыгым бар болгон үчүн бычып, тигип жатам деп ойлойм. Бала кезде архитектор же дизайнер болууну каалачумун. Бирок ата-энемдин кеңеши менен IT тармагына окууга тапшырып окуп калдым. Мамлекеттик жумушта иштегендиктен буюртма көп берген учурда убактым тар болуп калат. Бул учурларда түштөнүүгө барганда, кечкисин иштөөгө туура келет. Айрым учурларда аз убакыт гана уктап, эс алып калам. Тигүүнүн технологиясын билип тиккеним менен айрым деталдарын билбей калышым мүмкүн. Жайында эмгек өргүүгө чыкканда тигүү курстарын окуп келейин деген планым бар.

Эми кардар менен иштешүүдө ар кандай кардарлар туш келет. Кээ бири кийимди бош тигип бер дешет. Тигип бүткөндө кийсең, жарашпай калышы мүмкүн. Бул учурда кайра тигүүгө туура келет. Ошондуктан материал алууда бир аз көп алып коем. Менин ар бир ишиме жолдошум, кайын журтум колдоо көрсөтүп келе жатышат», — деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️