Пример HTML-страницы

Кочкордун Сөөк жайлоосундагы малга тоют жеткирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы Сөөк жайлоосундагы малга тоют жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Сөөк жайлоосуна 29 чабан көчүп барган. Аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам болжол менен 15 см кар жаап, чабандар малга тоют жок болуп жатканын айтып чыгышкан. Айрымдары айылга келип, чөп ташып башташкан.

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Алайбек Карбозовдун айтымында, 25-майда 300 түк тоют чөп жана бир тоннадай жем жеткирилген.

«Күн ачылып баштады. Мындан сырткары жайлоодогу чабандардын ден соолугуна кам көрүү максатында айылдагы фельдшерлер дагы барып, дары-дармектердин берип келишти. Абал оор эмес. Күн ачылса эле кар ээрип кетет», – деди ал.

Буга чейин аймактык кабарчы билдиргендей, Дөң-Алыш, Комсомол айылдарына, Чолпон айыл аймагынын Кызарт жайлоосуна, Кара-Саз, Жалак-Бел жана башка жайлоолорго кар түшкөндүктөн, тоют муктаждыгы жаралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

Admin
Rate author
KYRGYZCHA SITE
https://www.binance.com/ru/activity/referral-entry/CPA?fromActivityPage=true&ref=CPA_00NB2ZZDKX
Пример HTML-страницы