Кочкордун Мантыш айылындагы мектептин жаңы курулган спорт залы пайдаланууга берилди

TurmushКочкор районунун Мантыш айылындагы Таалайбек Курткаев атындагы орто мектебинин жаңы курулган спорт залы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев, райондун тургундары жана башкалар катышты.

«Аталган орто мектепте спорт зал жок болгондуктан Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фонддун каржылоосу менен 10 миллион 647 миң сомго заманбап имарат курулуп бүттү. Спорт залдын курулушуна заманбап курулуш материалдары колдонулуп, сырты Россиядан келген керамогранит таштары менен жасалгаланган. Бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп, балдарга жана кыздарга атайын жуунучу бөлмөлөр менен жабдылган.

2021-жылдын март айында спорт залдын курулуш иштери башталып, ноябрь айында толугу менен салынып бүттү», — дейт Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Болот Садыков.

Ачылышка келгендер Т.Курткаев атындагы орто мектеп менен таанышып чыгышты. Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев мектептин ички жасалгасы чыгармачылык менен жасалгандыгын баса белгиледи.

Андан кийин иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевди эскерип, эстелигине гүл коюшту.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️