Пример HTML-страницы

Кочкордон согушка аттанган Кожоштун каякта каза тапканы аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкордон Улуу Ата Мекендик согушка аттанып дайынсыз жоголгон Кожош Бекккожоевдин кайда курман болгондугу аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга анын тууганы Мухамбет Беккожоев билдирди.

«Чоң атам Беккожонун биринчи аялынан Кожош деген уулу жана Сабира деген кызы болуптур. Ал эми экинчи аялынан 1928-жылы туулган Мистекан, 1933-жылы туулган Ишен, 1937-жылы туулган Такин жана Секин аттуу уул-кыздары болгон. Секин эжебизди чоң энемдин иниси Качкын Байтилешов багып алган. Төрөт үйүндө медик болуп иштеген, азыр Нарын шаарында анын атынан Секин Качкынова көчөсү бар.

Атам Ишендин эскерүүсүндө, Кожош Беккожоев 1920-жылы туулган экен. Ал кишинин үй-бүлөсү Чекилдек айылында жашаптыр. Кожош ата комуз чаап, комуз черткен, мергенчилик кылып, ат таптаган киши экен. Үй-бүлөсү жыл сайын Көшөгө жайлоосуна чыгып, кеч күздө айылга кайтып келишкен. Ал атамды ээрчитип алып, тоодон улар, кекиликтерге кылтак, карышкырга капкан салганды үйрөтүп, “үйрөнүп ал” деп жанынан чыгарчу эмес экен.

1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, Кожош атасы Беккожонун барба дегенине болбой, өз ыктыяры менен аскер комиссариатына барып, суранып кеткен экен. Ошол бойдон дайынсыз болуп, Сабира аттуу бир тууган карындашы агасынын өлүү-тирүүсүн билбей, күтүп жүрүп, көзү өтүп кетти», — деди ал.

«1941-1945-жылдары Кочкор районунан аскерге жөнөтүлгөндөрдүн тизмесинде: “Беккожоев Коджош (1920) б-п. 1-кл. К-з. ( 14.11. 41. 666 ст. полк)” деп жазылыптыр. Бирок бул дата туура эмес, Кожош атабыз согуш башталганда эле суранып кеткен экен. Кийинчерээк «Кожош өлдү» деген кабар келгенде, чоң атам аскер комиссариатына барып, “Балам өлсө, мен эмне кылып жүрмөк элем. Мени да согушка алып кеткиле” дептир. “Аксакал, сизге барганга болбойт” дегенге болбой, «барам» дей берет. Акыры Беккожо атаны жумушчу батальонго жөнөтүшөт. Ал жакта тыным алдырбай иштетип, арыктап болбой калганда, 3 киши ат арабага салып алып келген экен. Чала өлүк, эти качып, териси менен сөөгү эле калыптыр.

Чоң энебиз Бүбү Байтилеш кызы азык уруусунун кызы экен. Талканды сууга кымыран кылып кашыктап берип багып, бир жылда араң киши кылыптыр. Колуна чыныны көтөрө албаган абалга келиптир. Кийин жакшы болгондо: “Сибирде токой кырктык” дептир.

Атам Ишен Беккожоев агасы Кожош согушка кеткенде, 7-8 жаштарда экен. Кийин билим алып, Нарын шаарындагы облустук статта экономист болуп иштейт. Ал жакта бир тууган таякеси Качкын Байтилешовдун бажасы Таласбаев облуста прокурор экен. Ошонун үйүндө жашап жатканда, апам Стахан 10-классты бүтөрү менен Нарын шаарына алып барып, экөө үйлөнүшөт. Прокурор Таласбаев менен сот Исак Отунбаев жашаган үй бир короодо экен. Апам Стаханга жоолукту Отунбаеванын аялы салыптыр. 1965-жылы атам Ишен Кочкор районунун стат бөлүмүнүн башчысы болуп жүрүп, 1990-жылы дүйнөдөн кайтты. Өмүр бою агасы Кожошту эскерип, бала кезинде ойнотуп, аң уулаганда жанына алып жүргөнүн айтып калчу.

Кудай жалгап, Ат-Башы районундагы Ак-Моюн айылында медсестра болуп иштеген Бактыгүл Акунбаева деген немисче билген айым Кожош Беккожоев атабыздын кайда өлгөндүгү тууралуу маалыматын таап, Кочкордогу музейдин кызматкери Шахида Сейдалиевага берген экен. Ал музейге согуштан кайтыш болгондор үчүн бурч ачып илип коюптур. Аларга рахмат», — деди ал.

Кожош Бекккожоев 1920-жылы туулуп, 1-класстык билим алган. Колхоздо иштеп жүрүп, Улуу Ата Мекендик согуш башталган кезде аскерге кетип, 1941-жылы 28 июнда Минск шаарынан немис баскынчылар менен кармашууда колго түшөт. Согуш туткундарын изилдеген Бактыгүл Акунбаеванын берген маалыматы боюнча:

Белоруссиянын Гродно шаарындагы шталаг — 324 туткундар үчүн лагерге Чыгыш фронтунан туткунга түшкөн Кызыл Армиянын аскерлери дулаг, транзиттик, чогултуучу пунктардан айдалып келген. Колго түшкөн аскерлерди темир жол аркылуу жана жөө жүрүш аркылуу жеткизишкен. Вагондордо аба жетпей тумчугуп, жарадар болгондор белгиленген жерге тирүү жетпей калган. Лагердеги адам чыдагыс көрүнүштөрдөн улам акылынан айныгандар дагы көп болгон экен. Минск шаарынан 1941 жылы 28-июнда душман тарабынан туткундалган Беккожоев Кожош дагы өзүнүн жолдоштору менен Гроднодогу лагерге жеткирилген.

Шталаг 324 лагери 1941-жылдын июль айында түзүлүп, 1942 жылдын күз айында жоюлган. Кызыл Армиянын жоокерлеринин кийин бул жерге еврейлер үчүн «Келбасино» геттосу пайда болгон. Гроднодогу Фолюш жана Колбасино лагерлеринде 14 миңден 30 миңден ашык адам өлгөн. Туткундар ачкачылык, сууктан, инфекциялык оорулардан андан сырткары кыйноо, уруп-сабоодон улам каза болушкан. Суук түшкөндө лагердегилерге жылуу кийим берилген эмес, жай айында колго түшкөндөр жеңил кийимчен бойдон калган. Лагерь түзүлгөн күндөн жоюлганга чейин 36 миң туткун болуп өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE