Пример HTML-страницы

Кочкордон чыккан баатыр Төрөгелди Абайылда уулунун туулган жана өлгөн жылы айкелинде так эмес жазылганбы?

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкордогу «Сейил» бакчасынын ичинде тарыхый инсандарга арналган айкелдер арасында Төрөгелди Абайылда уулунун айкелинде туулган жана өлгөн күнү 1799-1868-жылдар деп көрсөтүлгөн. «Нарын облусу» деген энциклопедия китебинде (Бишкек, 1998-жыл, 381-бет) тарыхый инсан Төрөгелди Абайылда уулу болжолдуу 1798-1868-жылдары жашап өткөнү тууралуу маалымат бар. Улуттук энциклопедия жана тарых китептеринде, википедияда «Төрөгелди Абайылда уулу (1798/1799-1868/1870) — сарыбагыш уруусундагы черикчи уругунун манабы, Ормон хандын кол башчысы» деп жазылган. Аймактык кабарчы Төрөгелди Абайылда уулунун туулган жана өлгөн жылы жазылган дата туура эмес экендигин, аны тактоо керектигин айтат.

Анын айтымында, тарыхчы Кыяс Молдокасымов 18-ноябрда социалдык баракчасына «Төрөгелди баатырдын төрөлгөн, өлгөн жылдары туура эмес экен. Ал 1808-1875-жылдары (67 жаш) жашаптыр. Мурда 1798/99-1869/70-жылдар деп жазылып келген» деп жазат. Аймактык кабарчыга филолог, тарых иликтөөчү Кабылбек Жумабаев тарых китептеринде жазылган туулган жана өлгөн жылы так эмес экенин билдирген. Ал: «Төрөгелдинин айылынан, азыркыча Молдо Кылыч айылынан 1987-жылдын 26-сентябрында Көчкөнбаев Шаршен карыядан укканы боюнча Молдо Кылыч айылынын тушундагы Кара-Тоодогу Кутуйдун коктусундагы Обозбектин таш короосу деген жерде Төрөгелдинин жазма ташы бар экенин уккам. 1999-жылдын 29-октябрында барганымда ал кишинин сүйлөшө турган алда эмес экенин (90 жашта) көрдүм. Ошол айылдык Жунушов Жолдош карыянын үйүнө кирип, сөз арасында ташты эскертсем, ал киши: «Билбей анан! Э, аны менден жакшы билген киши жок, Куту деген колоттун ичинде!» деди. Эртеси экөөбүз ат менен издеп барып, кокту ичинде тыштары кызыл эңгилек басып кеткен таш короого да кирип келдик. Обозбегинин таш короосу ушул» деп көргөздү. Алачыктай калдайган үч-төрт таш коктуда чорбоет. Мобунусун, аркысын жакшылап кара, шашылбай. Муну Обозбектин таш короосу деп коет деди.

Төрөгелдинин Чоткара деген уулунан Жакып ажы менен Абийир. Жакыбынан Абазбек, Осмонбек, Обозбек, Төлөбек, Акмат, Аман, Шарып, Шакиржан дегендер болгон. Төрөгелдинин небереси Жакып уулу Акмат ооруп, бир тууганы Обозбектин кыштоосуна келип туруп калат. Ошондо таш бетине араб тамгасы менен «1875-жылы 67 жашында упат болду, Төрөкелди Абайылда уулу. Сапар айда» деп таштын экинчи чекесине (Жазган) Акмат Жакып уулу. Илаа Алла, Мухаммед расул Алла. 1924-жылы» деп жазыптыр. Болгону ушу. Таш бетине кагаз коюп, копировка ала баштадым. «Шашылба, мен жолтоо болбоюн» деп карыя басып кетти. Ошондо Төрегелди баатырдын небереси Акмат Жакып уулу 1924-жылы ташка Төрөгелди баатырды 1875-жылы 67 жашында өлгөнүн жазып жатат. Бул жагынан Кыяс Молдокасымовдун Алматынын архивинен алган маалыматы туура экендигин көрөбүз.

Төрөгелдинин атасы Абайылда 18-кылымдын акыры — 19-кылымдын башында Кочкор өрөөнүн мекендеген чоң манаптардан болгон. Төрөгелди өзү жолборс чапкан баатыр болгон. Ал агасы Нарбото менен казактардан жылкы чаап келүү үчүн жортуулга чыгып турган. Нарбото ушундай жортуулдардын биринде өлгөн. Казак султаны Кенесары Касым уулунун колун талкалоого катышкан. 19-кылымдын 40-жылдарынын акырында Иледеги казактарга туткунга түшүп, андан Жантай хандын жардамы менен бошоп чыккан. Бугу менен сары багыш урууларынын чабышы башталган учурда Төрөгелди баатыр Пишпек чебинде камоодо жаткан. 1854-жылы күзүндө бошонуп келип кол курап, бугулар өлтүргөн «Ормондун куну» үчүн сары багыш феодалдарынын талоончул саясатын уланткан. Эл оозундагы уламыштар боюнча Ормон хандын кеңешчиси Шамен ага «Ысык-Көлдү үч айлан, бугу элин чап» деп керээзин калтырган имиш. Болжол менен 1855-жылы Төрөгелди баатыр бугу уруусунун манабы Балбай баатырдын айылына жасаган жортуулунда аттан жыгылып, буту сынган. Туткунга түшкөн Төрөгелди баатырдын жаңы бүтүп келе жаткан бутун Балбай кайра дагы 2 жолу сындырган. Туткундан 1858-жылы бошотулган. 1859-жылы апрелде Кашкардан кайткан Чокон Валихановду Жети-Өгүздө бир нече күн кармап турган. Орус кошууну жакындаганын угуп аны коё берген. 1865-жылдан орус бийлигин таанууга аргасыз болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE