Кочкордогу тургундун өлүмүнөн кийин күзөттөр коюлуп, 25 жаштагы жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда велосипедчен адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 27-сентябрында саат 06:35 чамаларында Кочкор айылынын С.Орозбаков көчөсүндө белгисиз автоунаа Кочкор районунун Жаңы-Жол айылынын тургуну — 1952-жылы туулган Т.Р.ны сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен велосипедчен адам алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза болгон.

Айдоочуну табуу максатында облус боюнча атайын «Перехват» операциясы киргизилип, шаар-райондорго күзөттөр коюлуп, ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Жыйынтыгында Кочкор райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан изин жашырган айдоочу, Кочкор районунун Кочкор айылынын 1999-жылы туулган тугуну М.у.С. ак түстөгү «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаасы менен кармалды. Унаа айып короого токтотулду.

Учуда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️