Кочкордогу талаадан жансыз дене табылган. 42 жаштагы тургун кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 3-сентябрь күнү саат 14:35 чамасында Кочкор районунун тургуну — 1958-жылы туулган Б.М. Кочкор РИИБге келип, Исакеев айылындагы кырмандын артында мушташ болуп, бир адам каза болуп калганы тууралуу билдирген.

Аталган билдирүү Кочкор РИИБ тарабынан каттого катталып, окуя болгон жерге Кочкор РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу барган. Анда Кочкор айылынын кырман кампасынын артындагы талаада жансыз дене жаткандыгы аныкталган. Сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонгон белгилери тастыкталган.

Жогорудагы факты боюнча ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында маркум Кочкор районунун Исакеев айылынын тургуну — 1960-жылы туулган Д.К. экени аныкталган.

Ал эми кылмышка шектүү катары Кочкор районунун 1982-жылы туулган тургуну М.Ч. кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Шектүү спирт ичимдигин ичкендиги аныкталып, ал маркум Д.К. менен арак ичип отуруп, ортодон пикир келишпестиктен улам чаап, тээп жибергендиги боюнча көрсөтмө берди.

Пример HTML-страницы

Учурда өлүмдүн себебин аныктоо боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️