Пример HTML-страницы

Кочкордогу төрөбөгөн аялдар зыярат кылуучу мазардын баяны

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКочкор районундагы Мазарлуу-Үкөк жайлоосундагы Кыз-Мазар аталган мүрзөгө Жети-Өгүз районунун тургундары келип куран окушуп, белги коюшту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Сөз 17-кылымдын аягында жашаган Туума Кашка келини Качанай тууралуу болуп жатат. Анын сөөгү дал ушул жерге коюлган.

«17-кылымдарда Ысык-Көлдөгү бугу уруусунун, анын ичинде алсейиттин тукумдары Кочкор өрөөнүндөгү Мазарлуу-Үкөктө жашап турушкан экен. Алсейиттин уулу Туума Кашка Аккозу, Бозкозу, Каракозу аттуу үч уулдуу болуптур. Каракозунун Качанай деген сулуу аялы болуптур. Андан үч уулдуу болгон: Желдең, Базарчы, Жүдөмүш. Мазарлуу-Үкөк жайлоосунда жайлап турган кезинде Качанай Жүдөмүштү жаңы төрөп, тыңый элек кези болот. Бээ саайм деп чыкканда бээ чочуп, үркүп кетип, тээп жиберет. Ошондон өлүп калып, Качанай апабызды Мазарлуу-Үкөк жайлоосундагы Үкөк суусунун жээгине коюп, үстүнө чырпык сайып коюптур деп аталарыбыз айтышчу. Төрт кылым бою энебиз Кочкордогу Мазарлуу-Үкөктө коюлганын угуп жүрдүк. Азыр Качанай энебиздин урпактары, Желдең, Базарчы, Жүдөмүштүн тукумдары Жети-Өгүз районунда жашап турушат. Алар желдең уруусу деп аталып, жети айыл болушкан. Бүгүнкү күндө энебиз Качанайдын жаткан жайын сураштырып, Кара-Саз айылынын тургуну Бекарстан Мамбеткаимов аркылуу таап, куран окутуп жатабыз», — деп билдиришти Жети-Өгүздүн аксакалдары.

Качанай Туума Кашка келининин урпактары Мазарлуу-Үкөк суусуна көпүрө салып, зыяратчыларга шарт түзүү керектигин билдиришти.

Мазарлуу-Үкөк суусу тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Кочкор өрөөнү менен агат. Куймалары: Чыран-Булак, Айманбет –Булак, Кара-Күңгөй суусу жана башка куймалар. Суу жээгинде Кыз-Мазар деп аталган, төрөбөгөн аялдар зыярат кылуучу мазар бар.

——-

Кыргыз санжырасында Долон бийдин тукуму бүт Кыргызстанга жайылган. Долон бий Кара калпактын муйтен уруусунун башчысы Эсим хандын Акчолпон деген кызына үйлөнгөн. Андан Ак уул, Куу уул. Бул экөө — эгиз. Кээ бир айтымдарда Кызыл уул деген баласы да бар. Долон бийдин Ак уул деген уулунан тарагандар кыргыздын оң канатын, Куу уул деген уулунан тарагандар сол канатын түзөт. Ак уулдан Наалы деген кыз, Адигине, Тагай деген эки уул болгон. Тагай бийден Богорстон, Койлон, Кылжыр — үч уул. Богорстондон солто аталган уруу, Койлондон кооз жедигер делген уруу таркайт. Кылжырдан Орозбакты, Дөөлөсбакты деген эки уул. Орозбактыдан Арык Мырза, Асан мырза, Кара мырза, Мырзакул мырза, Токоч мырза. Бешөө тең мерген чыгып, эл башкаргандыктан мырза аталган.

Санжыраларда бир күнү Асан Мырза, Кара Мырза аң уулап жүрүп, Нарындагы Ала-Мышыктын тоосунан улагын эмизип жаткан маралды көрүп, жебе менен атып жиберишсе: «Жалгызымды аттың, бала-ботоңду атып кал!» деген үн угулат. «Эмне болуп кетти?» деп карашса, жуушап жаткан кайберендердин арасында жаткан балага ок тийип, үңкүрдөн бир кыз чыгып, каргап жатыптыр. Кызга жакындаганда ал качып жөнөйт. Артынан кууп жүрүп, кармап алышып, Арык Мырзанын үйүнө алып келишет. Сураштырса, кыз Кыл-Шиберде (Сибирде) жашаган кыргыздардын сары бугу деген уруусунун кызы экен. Кандайдыр себептер менен иниси экөө бул жакка качып келишиптир. Арык Мырза кызды өз үйүндө алып калып, байбичеси экөө багып чоңойтот. Иниси Мырзакулдун баласы Алсейиттин колуктусу жөнүрөөк чыгып калгандыктан, кыз чоңойгон кезде Алсейитке нике кыйып үйлөндүрөт. Келин күндөрдүн биринде эликтин сүтүнө талгак болот. Кара мырза менен Асан мырза аң уулоого чыгып баратканда, ага ылым санап жүргөн талаадан табылган келин: «Акем элик атса, аткан элигинин төшүн эмчеги менен алып келип берсин?» деп жеңесинен айттырат. Тиги сөздү укканда экөө: «Кечээ өзүбүз талаадан таап келген келин бүгүн бизди жумшайбы? Биз аткан эликтин төшүн жегиси бар экен го» деп ачууланат. Болгон ишти аялы Тынардан эшиткен Арык Мырза саадагын алып, токойго чыгып кетет. Ал жактан чаарчыгын эмизип турган эликти көрүп атып алып, желинин төш эти менен сыйрып алып келет. Аны байбичесинен келинге берип жиберет. Келин эмгенде, кадимкидей дирилдеп сүт чыгып, талгагы канат.

Келин Арык Мырзага «аба бери караңыз, батамды берейин» десе карабай койгон экен. Келин Арык мырзаны аркасынан карап туруп: «Учугуң узарсын! Жаның жай алсын! Душманың туурдугуңду ачпасын!» деп бата бериптир. Ошондо Арык Мырза: «Биздин тукумду кайберен колдойт экен. Бул келин төрөлгөндөн эле маралдын сүтүнө оозанган, жөн келин эмес экен. Бугудан (сары бугу уруусунан) келген Бугу эне турбайбы» дептир.

Келиндин эки чекесинде мүйүз сыяктуу сөөлү болгон дешет. Ошондон Мүйүздүү эне аташса, кай бири «Сары бугу уруусунан келген эне» деп тергеп жүрүп, Бугу эне деп чакырып калышат. Мүйүздүү энеден Алсейит Жамангул, Бапа деген эки уул болот. Алсейиттин колунда Мүйүздүү энеге кызмат кылган Чежимжан деген кыз болот. Ал Мүйүздүү эне башын жууган сууну «Ыраак алып барып, таза жерге төк» деп жөнөтөт. Чежимжан аны ичип алат. Мүйүздүү эне аны билип калып, батасын берет. Кийин күйөөсү Алсейитке аялдыкка алып берет. Ошол аялынан Алсейит Туума деген уулдуу болот. Туума баатыр болгондуктан, Кашка ысымы кошулуп, Туума Кашка аталат. Туума Кашка Аккозу, Бозкозу, Каракозу атуу үч уулдуу болот.

Каракозунун Шербет деген аялы болот. Ал аялы түрлөп кийингендиктен Кубул эне аталат. Андан төрт уул болгон. Алардын тукумдары кубулдар аталып, Жети-Өгүздүн Ак-Терек айылында жашайт. Экинчи аялы Качанай деген сулуу болуптур. Андан үч уулдуу болгон: Желдең, Базарчы, Жүдөмүш. Мазарлуу-Үкөк жайлоосунда жайлап турган кезинде Качанай Жүдөмүштү жаңы төрөп, тыңый элек кези болот. Бээ саайм деп чыкканда бээ чочуп кетип, тээп жиберет. Ошондон өлүп калып, Качанай Мазарлуу-Үкөк жайлоосундагы Үкөк суусунун жээгине коюлган экен. Каракозунун аялы Качанай өлгөндөн кийин балдары Желдең, Базарчы, Жүдөмүш жетим калышат. Күндөрдүн биринде Каракозу жигиттери менен жол жүрүп келе жатса түйүнчөк табылат. Жигити түшүп ачса, ичинен нан чыгат. Ортосунда киндикчеси бар экен. «Жолдон нан чыккан, жакшы жышаан» деп сындырып, ооз тийсе кайра калыбына келип калат. «Кой бул нанды түлөө кылып, жейли» деп айылга келип, түлөөгө даярдык көрө баштайт. Жүдөмүш энесинин сүтүн эмбеген бала жетиге келгенче баспай, үйдө жатчу экен. Каракозунун байбичеси Шербет баягы нанды Жүдөмүш жаткан үйгө киргизип коет. Ошол кезде жылкы кайтарып жүргөн Желдең инисин көргөнү келип, баягы нанды экөө бөлүшүп жеп алышат. Ошондон Желдең баатыр болуп, эл башкарып калат. Ал сарбагыш уруусунун манабы Маматкул бий Үчүке уулунун Тунук деген кызына үйлөнгөн. Желдең уруусунан жети акенин улуусу Карга аке Мендегул уулу (1718-1828-жылдар) чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE