Кочкордогу кинотеатрга Геннадий Базаров ысымы берилип, айкели орнотулду (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районундагы «Чолпон» кинотеатрына «Кыргыз Республикасынын эл артисти», кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаров ысымы берилип, имараттын алдына айкели орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, айкелдин ачылуу аземине Кочкор районунун акими Камил Чоткараев, Геннадий Базаровдун кесиптештери, жакын туугандары катышты. Кинотеатрда кинорежиссердун кинолорунан сүрөт көргөзмөсү коюлду.

Геннадий Базаров 1942-жылы 5-февралда Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Ата-теги Кочкор районунан. Атасы Садыр Базаров партиялык, советтик кызматкер болгон.

Генадий Базаров эмгек жолун 1959-жылы «Кыргызфильм» киностудиясында иштөө менен баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссердун ассистенти болгон. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн. Окуп жүргөндө кыска метраждуу «Намаз окуу» жана «Тыныгуу» аттуу киноновелла тарткан. 1967-жылы «Саманчы жолу» (сценарийин жазгандар; Ч. Айтматов, Б. Добродеев, И. Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. «Буктурма» (1966; X. Булатов, Дегальцев, А. Шаршенова), «Көчө» (1973; М. Гапаров), «Биринчи» (1984; Г. Базаров, Л. Дядюченко), «Көз кареги» (1975; Л. Дядюченко) кинотасмаларды, «Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай» (1986), «Айың» (1989), «Аномалия» (1991) көркөм фильмдерди жана «Антракт» (1994), «Түндө» (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден «Искусство жөнүндө баян» (1974). «Жазуучу» (1980), «Чыңгыз Айтматов» (1980) жана башка тарткан. Маданият жана искусствонун ишмерлери А. Токомбаева, Н. Байтемиров, А. Темирова, Г. Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. «Прикосновение к личности» (1986), «Пауза для размышления» (1985), «Гримаса» деген повесттери чыккан.

Акыркы жылдарда Кыргыз телерадио компаниясында иштеп, автордук «Альтернатива» программасын алып барган. Анын эмгеги бааланып 1974-жылы «Искусствого эмгек сиңирген ишмер», 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамын алган.

Пример HTML-страницы

2023-жылы Бишкек шаарында дүйнөдөн кайткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️