Кочкордогу чарбанын башкармасы М.Самсалиевди кош бойлуу аялын чуркоого катыштырбаганы үчүн партиядан чыгарышкан

Акыркы жанылыктар

Turmush«Тарых инсаны» рубрикабыздын бүгүнкү каарманы алгачкы колхоз башкармасы Молдогазы Самсалиев тууралуу болмокчу. Ал тууралуу аймактык кабарчы иликтөө жүргүздү.

Молдогазы Самсалиев 1901-жылы Кочкор районунун Шамшы аймагындагы Көлтөр деген жерде төрөлгөн. Ал кичине кезинен баштап, байлардын койун багат. Эр жеткен кезинде да байларга малай болуп жүрүп, турмуштун оор запкысын тартып турган кезинде кыргыз жергесинде Совет бийлиги орнойт. Ал өзү теңдүү кедей-кембагалдарга кошулуп, Совет өкмөтүн чыңдоого аралашат. 19-20 жашынан баштап, бай-манаптарга каршы күрөш жүргүзө баштайт. Колхоздоштуруу башталганда эң алгачкылардан болуп чарбага мүчө болуп кирет.

Ал кезде азыркы Шамшы айылынын аймагына Шамшы, Кашат, Көлтөр, Коңорчок, Талды-Булак деген майда 5 чарба уюшулган.

Ал Көлтөр колхозун уюштуруу ишинде зор эмгек өтөп, колхоздун кирешесин, байлыгын арттырууга жан алы калбай аракеттенет. Байлардын малын ортолоштурууга өз салымын кошот. Молдогазы жалпы эл менен эриш-аркак эмгек жолун колхозчулуктан баштап, кийин ферма башчысы болуп дайындалат.

1921-жылы Көлтөр айылына кызыл мугалим Осмон Айбашовдун демилгеси менен мектеп ачылат. Осмон Айбашов ал мектептин директору болуп, балдарга билим бере баштаган. Ал мектептен Шамшы, Кашат, Көлтөр айылынын балдары билим алып, алгачкы мугалимдер Осмон Айбашов, Шаршемби Сатылганов, Маамыт Сөлпиев элдин сабатсыздыгын жоюу иштерин баштаган.

1926-жылы Шамшы айылында Кара-Суу башталгыч мектеби, 1932-жылы Кашат колхозунда айыл активи Аким Ашыралиевдин демилгеси менен Кашат 7 жылдык мектеби ачылган. Ал учурда сабатсыздыкты жоюу иштери жүрүп, мугалимдер кечкисин колхозчуларды окутуп турушкан. Молдогазы да күндүз колхоз ишинде, түнкүсүн кызыл үйдө билим алып турган. Колхозчуларды окууга үндөгөн.

Пример HTML-страницы

1932-жылы Шамшы, Кашат, Көлтөр, Коңорчок, Талды-Булак чакан чарбалары Кашат айылдык кеңешине биригип, кеңештин төрагасы Абдил Турумбаев болгон. Шамшы колхозуна Дүйшеке Малдыбаев, Кашат колхозуна Жумагазы Мамыров, Көлтөр колхозуна Молдогазы Самсалиев башкарма болуп дайындалышкан.

1936-жылы Молдогазы Самсалиев Кашат айылдык кеңешине караштуу Кашат колхозуна башкарма болуп дайындалат. Ал Көлтөр, Кашат колхоздорун башкарып турган кезинде кыйынчылыкты көп тарткан. Чарбалар майда, экономикалык жактан чабал, техника жетишсиз болгондуктан алдыдагы милдеттерди ийгиликтүү чечүүгө тоскоолдуктарды жараткан. Ошого карабастан эмгекчилер менен эриш-аркак эмгектенип, колхозчуларды уюштуруп, ынтымакты сактап, ат үстүнөн түшпөй, бирде тоодо, бирде ойдо жанын сабап иштеген.

1941-жылы 27-майда Каракол шаарында 5 айлык окууга жөнөтүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш башталган кезде Молдогазы биринчилерден болуп, аскер комиссариатына барып согушка жиберүүнү өтүнгөн. Ал кезде Молдогазы 40 жашка толгон кези эле. Согушка барууну кааласа да аны “чарбада иштеп тур” деп кайра жөнөтүшөт. Кийинчерээк атайын брон беришет.

Кочкор райондук Осмонаалы Сыдык уулу атындагы тарых музейинин кызматкери Максүт Абдыгазиев Молдогазы Самсалиев тууралуу буларды айтты.

«Молдогазы Самсалиев согуш маалында андан кийин Көлтөр, Кашат колхоздорунда 1952-жылга чейин башкарма болуп эмгектениптир. Согуш учурунда жалпы Союз масштабындагы үндөөгө кошулуп, танк чыгаруу үчүн өз жанынан 50 000 сом акчасын төккөн. Бул салымы үчүн И.В.Сталинден алкыш кат алган. Сталиндин алкыш каты ошол кездеги “Кызыл Кыргызстан” гезитине жарык көрүптүр.

Ошондой эле биздин музейде анын Кыргызстан Коммунистик партиясынын Тянь-Шань облустук партия комитетине жазган өтүнүч каты сакталып турат. Ал катта өз колу менен «Кыргызстан КП (б) Тянь-Шань облустук партия комитетине ВКП (б)нын мүчөсү Самсалиев Молдогазыдан өтүнүч деп жазылып, өзүн негизсиз күнөөлөп жаткандыгын, партиянын катарына калтыруу өтүнүчүн жазган экен», — деп катта жазылган маалыматтар тууралуу айтып берди.

1942-жылы 26-февралда Кочкор райкомунун бюросу Молдогазы Самсалиевди жазгы кош айдоонун даярдык иштерин солгундатты, 1942-жылдын 23-февралында майрамга карата кроссто аялын кошпой үйдө калтырган деген айыптоо менен ВКП (б)нын катарынан чыгарган экен.

1942-жылдын 23-февралында майрамга карата кросс (алыскы аралыкка чуркоо) өтөт. Анда Молдогазынын аялы 25 чакырым алыскы аралыкка чуркоого катышып, биринчи чекке жетип, кайра тартып чуркап келе жатканда боюнда болгондуктан чуркай албай калат. Ошол себептүү айрымдар «башкарма аялын кросско кошкон жок» деп арыз жазышкан. Молдогазы Самсалиев облусттук партия комитетине өзүнүн айыптуу эмес экендигин айтып, өтүнүч кат жазып, териштирүүдөн кийин партияда калтырылат.

Согуш жылдары колхоздо кемпир-чалдар, тестиер балдар менен иштөөгө туура келди. Ал учурда «Баардыгы фронт үчүн, баардыгы жеңиш үчүн» деген ураан астында бардык тапкандарды фронтко жөнөтүп турушкан. Молдогазы өзүнүн жыйган тергенинен 50 миң сом акча каражатын «Советтик Кыргызстан» аттуу танк колоннасын курууга жөнөткөн. Ал үчүн башкы командачы Сталиндин колунан куттуктоо катын алган.

Ал 1944-жылы колхоздун башкармаларын даярдоо курсунан билим алат. Согуш аяктагандан кийин бүлүнгөн чарбаны калыбына келтирүүдө зор эмгек өтөгөн. Анын эмгеги бааланып 1948-жылы 11-январда Кашат айылдык советтин депутаты болуп шайланат.

Кийин ал жетектеген Көлтөр, Шамшы, Кашат колхоздору биригип, 24-партсьезд аталган кезде айылда кадырман карыя катары кадыр-баркка ээ болгон. Эмгеги бааланып, 1946-жылы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы «Кайраттуу эмгеги үчүн» медалы, 1970-жылы В.И.Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы, 1976-жылы «Эмгектин ардагери» медалы жана бир катар ардак грамоталар менен сыйланган.

1986-жылы дүйнөдөн кайткан. Ысымы Шамшы айылындагы бир көчөгө берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️