Кочкордогу алгачкы агартуучу жана революционер Иманбай Орозалин

TurmushКочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагындагы мектеп 1927-жылы курулуп, ал мектепти салдырган алгачкы мугалим Аблес уулу Алайдардын ысымын алып жүрөт. Бирок, Кара-Күнгөй айылынын тургундары Мыктыбек Шаршеналиев, Нуркаш Иманалиев, Абдылдабек Ибраев жана башка улуу муундагы аксакалдар андан мурда, Улуу октябрь революциясына чейин Иманбай Орозалин деген мугалим болгонун айтышар эле.

Мыктыбек Шаршеналиев: «Менин атам Шаршеналы Айдакеев деген аксакал: «Иманбай бизди Үркүнгө чейин Сагын болуштун тамында, кээде Данакандын мечитинде окутуп калчу. Ал «Искра» деген гезитти «Учкун» деп окуп берчү. «Учкундан жалын тутанат», «Бөлтүрүк карышкыр болот», жаңы коом түзүлөт» деп айтчу. Революция жөнүндө кеп козгочу. Өзү Ленинди көргөнүн, аны менен тааныштыгын айтар эле. «Ленинден ошо кезде өтүк, маки, гезит, посылка келгенин көргөнбүз» дечү. Үркүн алдында «Орустун огу жаман» дегенге болбой, эл Кара-Коого кол салып, орустун огунан Ындыбай Атанбай уулу деген атамдын тууганы мерт болот. Эл качууга кам көрөт. Анда да Иманбай: «Качпагыла» десе болбой үрктү. Ошондон кийин Орозалынын Иманбайы фронтко өз эрки менен жөнөп кетиптир. Кийин Совет өкмөтү орногондо Иманбай Верныйда кандайдыр бир белдүү кызматта иштейт. 1924-жылы келип, Турганбай болуштун күмүш каштуу Анжыян ээрин атам Шаршеналы Айдакеевге берет. «Бул ээрди менден эстелик кылып токунуп жүр. Эмки келгенде сени ичкериге алып барып окутуп, киши кылам» дейт. Атам Шаршеналы ал кезде 14-15 жаштагы бала экен. Ал: «мени тигил жакта «тармал чач» деп чакырат» деп айтыптыр. Ошо бойдон ал айылга кайтып келбептир. Кетеринде айылдаштарына «биз кыргыз элин казактардан бөлүү ишин жүргүзүп жатабыз. Бизге Худайкулов баштаган топ каршы чыгууда» деп айтыптыр .

Иманбай Орозалиев арык тукумунун саргалдак уруусунун бекбоо уругунан эле. Ал 1924-жылы Кара кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө катышы бар үчүн, каршы тараптар аялы аркылуу уу бердиртип салыптыр. Аялы татар улутунан экен. Анын ырларын атам айтып калчу, жаттап албаптырмын. Иманбай мага таяке болот. Архивден изилдесе чыгат беле», — деп эскерди.

Нуркаш Иманалиев: «1916-жылы Улуттук боштондук көтөрүлүшү чыккан кезде Иманбай: «Оруска каршы чыкпагыла. Алардын огу жаман, бөөдө кырыласыңар» дейт. Эл ага каршы чыгып: «Бул орусту колдойт, чокундук болду” деп, «Орозалынын чокундугу» деп атап алышат.

Алгачкы мугалимдердин бири — Асылбек Раманов өзүнүн кол жазмасында: “1911-1914-жылдары бизди Иманбай Орозалиев деген имам окутчу эле. Ал медресеге Петр биринчинин сүрөтүн илип койчу. Азыркы география сабагын жаарапия деп, зоологияны айбанат, ботаниканы набатат, тарыхты тарих, арифметиканы эсеп деп жана башка сабактарды окута берчү. Анан дагы «байдын малын кеоператив (кооператив) аркылуу ортого тартабыз, тегизчил заман болот» деп айтар эле. Миңден ашык кой, 300дөн ашык жылкысы, 100гө жакын уй, 20дан ашык төөсү бар, казы болуп бир айылды билип турган Данакан Атибий уулу салам айтса, Иманбай тескери карап, ышкырып басып кетчү. 1914-жылы Казань шаарынан татар тилинде чыккан гезитти алып келип, аны окуп жүрдүк. Анда бирде «Германияны Руссия давам этти» десе, бирде «Руссияны Германия давам этти» деген кабарларды окуп жүрдүк. “Давам этти” деген сөз кыргызча которгондо “илгериледи” дегенди түшүндүрөрүн айтты. Иманбай аз-маз орус тилден да сабак берип жүрдү. Эл Иманбай Орозалиевди орусча окутатканы үчүн “чокундук” деп аташып, байлар аны 1914-жылы аскерге жиберип, жандары тынды.

1921-жылы Иманбай Орозалиев Алмата шаарында казак-кыргыз аскер комиссарынын орун басары экен. Ал мага бай-манап , бий-болуштар менен кантип күрөшүүнүн жолун түшүндүрдү. Ошол жылы (1921-жылы) Алмата шаарында ачылган жарды-жалчылардын 1-съездине катышып, жарды-жалчылардын укугун жогору көтөрүү, бай-манаптардын укугун төмөндөтүү деген маселелер каралды. Ал съезден келгенден кийин миң башы — Турганбай Меңдебаев, бийлер — Акулу Жалгаев, Миңбай Айнакеев, ажы Нурбай Бердибаев менен күрөш жүргүзүп, акыры булар кулакка тартылды», — деп баяндайт.

Пример HTML-страницы

Жазуучу Бөрүбай Кененсарин өзүнүн «Февраль революциясы» деген эмгегинде: «Россиядагы 1917-жылдагы буржуазиялык-демократиялык февраль революциясынын жеңгендиги тууралуу кабар Кыргызстанга март айынын башында угулат. Пишпек, Ош сыяктуу уезддик борборлорунда Чүй сугат каналдарында, көмүр кендеринде толкундоолор болуп, митингдер өтөт. Саясий камактагылар бошотулат.

1916-жылы Пишпектеги 6 болуш элден 120 жигитти тылдагы жумушка айдады. Биз Жаңы-Жерден батышты карай Ат-Башы каналын казып жүрдүк. 1917-жылы Оренбург шаарында чыга турган «Бакыт» деген журналдан падыша Николай тактан түшүп, баласы Алексейди, андан тууганы Михаилди падыша кылган төрт указды жазганын окудук. Аңгыча Князь Львов деген өкмөт башчы болуп, кийин бир аздан соң Керенский убактылуу өкмөт түзгөнүн уктук. Ошо кезде фронттон Иманбай Орозалин деген жигит келди. Мен аны менен тааныштым. Анан ошол Иманбай Орозалин мага Карл Маркс, Фридрих Энгельс, Владимир Ульянович Ленин деген адамдар ким экенин түшүндүрдү. Пишпекте Иваницин деген көгала мурутчан киши большевиктердин лидери экенин, жардамчылар аны ээрчип большевик болгонун, тилмечтер меньшевикке өткөнүн, өзү большевик экенин түшүндүрдү.

Ошол жылы май айында «Ташкенттен Шкапский менен Тынышбаевдер келе жатышат. Алматада губернатордун ордуна иштешет экен» деп, пишпектегилер тосууга камынышты. Шкапский менен Тынышбаевди кадимки илгерки улуктар сыяктуу нан, туз менен тосуп алышарын, Пишпек уезди убактылуу өкмөткө баш ийе тургандыгын айтышты. Ошондо Иманбай Орозалин: «Булар бай-манапты жакташат. Көрбөйсүңбү, бул жерде большевиктер жок, жалаң бай-манаптар чогулуптур» деди. Кебетеси Иваницин баштаган жарды-жалчылар катышпаса керек. Алар жөнөп кеткен соң, Пишпекте адегенде «Васильевский » партия деген, Ат-Башы каналын казып жаткан уюмдун кызматчылары уезддик мекемелерди ээлеп алып, инженер Васильев аткаруу комитетинин председатели, Гурбанов уезддик комиссар болду», — деп жазат.

Мындан көрүнүп тургандай Иманбай Орозалиев өз доорундагы алгачкы агартуучулардын бири болгон. Ал билимди кайдан алган? 1890-жылдары азыркы Кочкор районуна караштуу Кара-Күнгөй суусунун жээгине Данакан Атибий уулу деген бай мечит салдырып, көлдөн Ыкылас деген молдону көчүрүп келип, ал балдарга сабак бердиртет.

Иманбай Орозалы уулу ошо мечиттен билим алып, кийин Караколдогу төрт класстык баштапкы жогорку окуу жайынан билим алат. 1900-жылдардан баштап Каракол уездиндеги айрым жаштар билим алууга умтулуп, Москва, Санкт-Петербург, Баку, Ташкент, Алмата, Казань шаарларына чейин кетишкен. Алардын ичинде Ишеналы Арабаев, Иманбай Орозалиев да болгон.

Иманбай көр турмуштун айынан Урал, Оренбург жана башка орус жерлерине барып иштеп, билимин да уланткан. Ошо кезде социалдык-демократтардын (коммунист-большевиктердин) социалдык теңчилик күрөштүн зарылчылыгы жөнүндөгү идеялары менен таанышат. Тактап айтканда, Иманбай Орозалиев 1908-жылы Россияда жүргөндө большевиктер партиясына (КПССке) өтүп, В.И.Ленин менен жолукса керек. Андан келген соң, большевиктер партиясынын идеяларын өзү окуткан балдарга таратып, медреседе жаңы тартипте окута баштаган.

Тарыхый маалыматтарга таянсак, 1914-жылы Калпа ажы Келдибек уулу Курткада, Ыбыке уулу Канат, Өтөмбай Төрөгелдин Кочкордо, Алматай уулу Сагалы Тоң болуштугунда, Туура-Сууда жаңы усулдагы мектептерди салдырып ачышкан. Сагалы Алматай уулунун Туура-Сууда ачкан мектебинде Казань менен Уфадан билим алып келген Ишеналы Арабаев мугалимдик кылган. Андан сырткары Жумгалда Байзак менен Курман манап «Курмандын мектебин», Сооронбай Дүр уулу Чүйдө мектеп ачышканы белгилүү. Кара-Күңгөйдө да Сагын болуш Ниязбек уулу мектеп ачып, анда Иманбай жаңы усулда, Оренбургдун ыкмасында окутуу жүргүзгөн. Анын жүргүзгөн саясаты байларга жакпагандыктан 1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согушка катышууга аттанган.

Иманбай фронттон келген соң, А.И.Иваницин, Г.Б.Безбородов, Иманалы Айдарбеков жана башка большевиктер менен бирге Пишпек уездинин революциялык комитетинде иш алып барат. Андан соң, ак гвардиячыларды талкалоого катышкан.

«Борбор Азия» деген сайтта Жети-Суу губерниясынын жетекчилеринин тизмесинде Копал уездинин (1922-жылдан кийин Талды-Курган уезди) 1-секратарларынын тизмесинен 1921-жылга чейин Иманбай Орозалин 1-секретарь болгондугун, андан кийин бул кызматты Кальмухамбет Кадырбаев, кийин Жусуп Абдрахманов аткаргандыгын көрүүгө болот.

Ошондой эле, 1920-жылдан 1921-жылга чейин Иманбай Орозалин казак-кыргыз аскер комиссарынын орун басары, 1921-жылдан баштап Алматада каза-кыргыз аскер комиссарынын милдетин аткарып тургандыгы белгилүү. Иманбайдын туугандары Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда, Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылында жашашат. Иманбайдан сүрөт калган эмес.

Казак-кыргыз аскер комиссары ошол кездеги чоң кызматтардын бири болгон. Ал И.Арабаев, А.Сыдыков баштаган топтун көз карашын колдоп, Кара кыргыз автономиялуу облусун түзүү үчүн күрөшкөн. 1924-жылы эки топтун күрөшүндө Ракманкул Худайкуловдун тобу тарабынан курман болгон. Ал Бөрүбай Кененсарин, Асылбек Раманов сыяктуу өз доорунун белгилүү саясатчыларын, агартуучуларын тарбиялап кеткен. Анын шакирттери Совет өкмөтүн чыңдоо үчүн салым кошушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️