Кочкордогу айылда сапатсыз курулган мектепти колдонууга кабыл алган кызматтагы адамдарга кылмыш иш козголду

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКочкор районунда сапатсыз курулган мектепти колдонууга кабыл алган кызматтагы адамдарга карата кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Нарын облустук прокуратурасынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Кочкор районунун Ара-Көл айылындагы мектептин курулуш иштери сапатсыз жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, аткарылган жумуштардын актыларын кабыл алышканы аныкталган.

Мындан тышкары, пианино, муздаткыч, тигүү машиналары өңдүү керектүү жабдыктар жана эмеректер жок болгондугуна карабастан формалдуу түрдө жалган актыларды түзүү менен акча каражаттарын мыйзамсыз негизде куруучу ишканага которуп беришкен. Натыйжада мамлекетке 4 млн 626 миң сомдук зыян келтирилген. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголду. Тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн иш Кочкор РИИБге жиберилди.

Жаңы курулган мектеп жөнүндө:

Ара-Көл айылындагы мектеп 2023-жылы 2-сентябрда ачылып, пайдаланууга берилген.

Пример HTML-страницы

Маалым болгондой, мектептин 1 кабаттуу корпусу 1998-жылы март айында ашар жолу менен салынган. Экинчи корпус 2002-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Мектептин жалпы аянты 3,5 гектарды түзүп, имарат көмүр менен от жагылып жана электр энергиясы менен жылытылган. 2018-жылы мектеп Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан авариялык абалда деп табылган. Имараттын сыйымдуулугу 150 окуучуга ылайыкталган. Азыркы учурда 152 окуучу билим алып, 26 мугалим эмгектенет. Окуу 2 нөөмөттө жүргүзүлүп келген.

Жаңы мектептин курулушунун сметалык наркы Мамкурулуш тарабынан 59 млн 170 миң сомго бааланып, тендерге коюлган. Тендерден «Шер курулуш» ЖЧКсы 42 млн 961 миң 700 сомго утуп алган. 2018-жылы 2 кабатуу мектептин курулуш иштери башталган.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Шер курулуш» курулуш компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Шералиев Бакыт Салморбекович. Компания 2006-жылы 28-мартта кайра каттоодон өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️