Кочкордо жаңы уюшулган Чолпон айыл аймагынын башчысы кайра алмашты

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда жаңы уюшулган Чолпон айыл аймагынын башчысы кайра алмашты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматына караганда, Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эрнис Макишов дайындалган. Ал мурунку Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болчу.

Буга чейин 24-апрелде өткөн жыйында аким Эрмекбай Омошев Кочкор районунда бириктирилген айыл аймактардын башчыларын тааныштырган.

Аким №13 буйругу менен Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Адилет Белеков дайындалганын айткан.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, Адилет Белековдун иш тажрыйбасы аз болуп, кадрлардын резервдик курамына кирбей калгандыктан, анын ордуна Эрнис Макишов дайындалган.

Пример HTML-страницы

Бирок Адилет Белеков социалдык баракчасына өзүнүн каалоосу менен кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын жазды. Ал буга чейин Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп жаткан.

Чолпон айыл аймагынын курамына Чолпон айыл аймагы (Чолпон, Молдо-Кылыч,​ Оро-Башы, Ара-Көл, Туз, Эпкин айылдары) менен Семиз-Бел айыл аймагы (Чекилдек айылы) кирген. Чекилдек айылы географиялык түзүлүшү боюнча Чолпон айылына чукул, жайыт жерлери да жанаша турат.​

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️