Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Кочкордо Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абиров дүйнө салды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жумабек Абиров көз жумду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Абиров узакка созулган оорудан улам 99 жашында бүгүн, 24-мартта каза болгон. Ал эртең, 25-мартта кичи мекени Теңдик айылында жерге берилет.

Жумабек Абиров 1923-жылы Кочкор районунда туул­ган. 18 жашында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Новосибирск облусунда 1 жыл курал кармоону үйрөнүп, Пенза шаар­ында 313-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. 1943-жылы сталингр­аддык кармашта оң бут­уна ок тийген. Ал эми 1944-ж­ылы согуш талаасында окопто жатканда эки бу­тун үшүк алып кестирген.

Эмгектин ардагери, КРдин ардактуу аксакалы, Кочкор районунун ардактуу атуулу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE