Пример HTML-страницы

Кочкордо суу жээгинде жүргөн өспүрүмдөр үйлөрүнө таратылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖарандардын өмүрүн коргоо максатында Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Кочкор районунун аймагындагы сууга түшүү коркунучу бар объектилерде рейддер уюштурулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Суу жээктерине «Сууга түшүүгө болбойт!» деген эскертүүчү белгилер жазылып, кооптуу аймактарга илинди.

Рейддин жүрүшүндө кызматкерлер суу жээктерине барып, сууга жээгинде жүргөн жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүп, үйлөрүнө таратылды.

Жаз-жай мезгилдеринде аба-ырайы жаанчыл болгондуктан, суунун деңгээли көтөрүлүп турат. Мындан улам ата-энелерге жайкы эс алуу мезгилинде балдарына өзгөчө көнүл буруп, өз алдынча сууга түшүүгө жибербөөсү эскертилди.

Мындай рейддер күн ысыган убактарда жүргүзүлүп турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE