Кочкордо санжырачы Медет Осмоналиев каза тапты

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкордо айыл чарба кызматкери, фермер, санжырачы Осмоналиев Медет Сыдык уулу 70 жаш курагында кайтыш болду.

Медет Осмоналиев 1954-жылы Кочкор районунун Теңдик айылында туулган.

1974-жылы Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун аяктап, «агроном» кесибине ээ болгон. 1979-2002-жылдары Нарын облусунун Ат-Башы, Кочкор райондорундагы чарбаларда жана айыл чарба департаменттеринде башкы агроном болуп иштеген.

2002-2017-жылдары Нарын облусунун сел жана суу ташкынынан коргоо бөлүмүнүн Кочкор, Жумгал райондору боюнча башкы адиси болуп эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.

Жубайы Төркүнбүбү сатындиева көп жылдар бою райондук тарых музейин жетектеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.

Пример HTML-страницы

Медет Осмоналиев беш баланын атасы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️