Кочкордо Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, ардагерлер сыйланды

Кочкордо Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, ардагерлер сыйланды Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда советтик аскерлери Ооган жергесинен чыгарылгандыгынын 36 жылдыгына карата иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Turmush «Сейил» паркында Ооган согушунда курман болгондорго орнотулган эстеликтин жанында эскерүү митинги болуп, эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окутулду.

Ошондой эле Г.Базаров атындагы «Чолпон» кинотеатрында Ооган ардаргерлерине арналган кече өтүп, Ооган согушу тууралуу тасма көрсөтүлдү. Ардагерлерге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары райондук аскер комиссарияты, социалдык эмгек, коргоо жана миграция башкармалыгы, айыл аймактардын айыл өкмөт башчылары тарабынан сыйлыктар берилди. Маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан чакан концерт тарттуланды.

1979-1989-жылдары Ооган согушуна Кочкор районунун аскер комиссариятынан 61 жоокер жөнөтүлгөн. Анын ичинен 4 жоокер Зарылбек Бердалиев, Тынарбек Солтонкулов, Арстанбек Асанов, Шеринбек Ибраевдер согуш талаасында курман болушкан. 25 жоокер согуштан кайтып келгенден кийин согуштан алган жаракаттан улам каза тапкан. Бүгүнкү күндө 25 ардагер каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️