Кочкордо мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленип, сыйлыктар менен сыйланышты 

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 4-октябрда Нарын облусунун Кочкор райондук маданият үйүндө мугалимдердин кесиптик күнү белгиленди . Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага райондук бийликтин өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, мугалимдер жана бала бакчанын тарбиячылары катышышты.

Билим берүү кызматкерлеринин күнү менен Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин биринчи орун басары, акимдин орун басары , Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы куттукташты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө бир катар алдыңкы мугалим, тарбиячылар «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси, акимчиликтин, райондук билим берүү бөлүмүнүн, профсоюз уюмунун, айыл өкмөттөрдүн жана мекеме жетекчилердин ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары менен сыйланышты. Мугалимдер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Кыргыз Республикасынын өкмөтү 5-октябрды Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү катары бекиткен. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган. Эске салсак, буга чейин мугалимдердин жана кесиптик билим берүүнүн кызматкерлеринин күнү октябрдын биринчи жекшембисинде белгиленчү. Анда мугалимдер майрамы ар кайсы күнгө туш келчү.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️