Кочкордо кылкандуу дан эгиндерин оруп жыйноо иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 6-август күнү Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында кылкандуу дан эгиндери жыйнала баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, райондо 8 миң 550 гектар жерге кылкандуу дан эгиндери айдалган. Анын ичинен 1 миң 112 гектар жерге буудай, 7 миң 438 гектар жерге арпа эгилген.

«Райондо оруп жыйноо иштери алгач Чолпон айыл өкмөтүндө башталды. Жалпы район боюнча 40ка чукул техника дан эгиндерин чабууга даяр. Арпанын түшүмдүүлүгү орточо 29 центнерден айланууда», — деди Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Элчибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️