Пример HTML-страницы

Кочкордо курулушу 4 жыл мурун башталган Ш.Абдылдаев атындагы мектебинин жаңы имараты 80 млн сомго курулуп, ишке кирди

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунун Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземи болду, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты. Анын айтымында, 275 орундуу жаңы имараттын курулушу 2020-жылы башталып, жалпы 80 млн сом сарпталган.

Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы орто мектеби 1927-жылы курулган. Кийин ашар жолу менен кошумча корпустар курулуп, төрт корпустан турган. 2006-жылдагы жер титирөөдөн кийин мектептин алгачкы салынган имараты ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган.

Жаңы имарат куруу үчүн Кара-Тоо айылынын Аэропорт аймагынан жер бөлүнүп, 2020-жылы март айында 3 гектар жер трансформацияланган. 275 орундуу имараттын курулушу үчүн бюджеттен 62 миллион сом каралган. 2020-жылдын бюджетинин тартыштыгы эске алынып, 5 млн 700 миң сом бөлүнгөн. Кийин пандемия учурунда курулуш токтоп, курулуш каражаттары кымбаттагандыгына байланыштуу кошумча каражат бөлүнгөн.

Жаңы мектеп эки кабаттуу, окуу корпусу, анын ичинде ашкана, спорт зал, китепкана, заманбап класстар, ошондой эле окуу залы жана окуу класстарынан турат.

Учурда мектепте 300 окуучу билим алып, 30 мугалим, 10 техникалык кызматкер эмгектенет.

Кара-Тоо айылында 800дөн ашык окуучу бар. Жылдан жылга балдардын саны көбөйгөндүктөн, айылдагы окуучулардын 40 пайызы (болжол менен 200-300 окуучу) айылдан 3-4 чакырым аралыктагы райондун борборуна барып, билим алышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE