Кочкордо ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына саптык кароо өткөрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда 31-август — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына жана кызматтык унааларга горнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Саптык кароого Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Камил Чоткараев, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Искен Базаркулов катышты.

Иш-чарада район аймагында майрамдык иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту сактоо, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамына, кызмат унааларына саптык кароо өтүп, өздүк курамдын атайын саптык жүрүшү менен аяктады.

Кочкор районунун аймагында 30-августан баштап, 2-сентябрга чейинки иш чаралар өтүп жатканда ички иштер бөлүмүнүн 60 кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️