Кочкордо дан эгиндерин оруп-жыюу иштерине 48 комбайн тартылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда дан эгиндерин оруп-жыюу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Нурлан Элчибаев Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына билдирди.

Маалыматка караганда, Кочкор районунда дан эгиндерин оруп-жыюу иштери жүрүүдө. Район аймагында жалпы 8975 гектар жерге дан эгини айдалган. Мунун ичинен буудай 1051 гектар, арпа 7924 гектар жерге айдалган.

Бүгүнкү күндө буудай аянтынын 226 гектары, арпа аянтынын 5580 гектары жыйналган. Буудайдын түшүмдүүлүгү ар бир гектарынан 21,2 центнерден, арпаныкы ар бир гектарынан 22 центнерден айланууда.

Эгинди коромжусуз чаап алуу үчүн райондун аймагынан 26 комбайн иш жүргүзүп, сырттан жардамга 22 комбайн келген. Учурда 48 комбайн эгин чаап, оруп-жыюу 65 пайызга аяктап калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️