Кочкордо бузулуу коркунучунда турган тарыхый эстеликтерди изилдөө иштери башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда бузулуу коркунучунда турган тарыхый эстеликтерди изилдөө иштери башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, археолгиялык изилдөө иштери Кочкор районундагы Ормон хан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу айылынын түндүк жагындагы, Кара-Күнгөй айылынын түндүк тарабындагы 3 чакырым алыстыктагы Беш-Таш эстеликтеринде жүргүзүүлүүдө.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору, археолог Кубат Табалдиевдин айтымында, мамлекет тарабынан Кыргызстандагы археологиялык эстеликтерди изилдөө үчүн акча бөлүнгөн. Изилдөө иштери Кыргыз Республикасынын «Көөнө тарых сырлары» долбоорунун алкагында Кыргызстандын бир канча аймактарында жүргүзүлүп жатат.

«Изилдөө ишибиздин негизги максаты бузулуу коркунучунда турган эстеликтерди изилдөө. Бул тарыхый эстеликтерди изилдөө жакшы натыйжасын берет. Беш-Таш эстеликтеринен 7-8-9- кылымдарга таандык, жылкысы менен көмүлгөн, биздин тилде сүйлөгөн бабаларыбыздын эстеликтери ачылышы мүмкүн», — деди ал.

Кара-Суу айылынын түндүк тарабындагы айдоо аянтына айланып кеткен жерлерди изилдеген соң, кийин бул жерге турак-жай салууга уруксат берилет. Изилдөө иштерине студенттер, тарыхка кызыккан жергиликтүү жаштар ыктыярдуу түрдө катышууда.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️