Пример HTML-страницы

Кочкордо «Алтын тамга» алган жалгыз бүтүрүүчү — Акмарал Исламова кайсы кесипти тандаганын айтып берди

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда бир гана бүтүрүүчү «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына ээ болгон. Ал — Н.Жүндүбаева мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Акмарал Исламова.

Бүтүрүүчү үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү. 2007-жылы 11-февралда Кочкор районунда туулган. И.Арабаев атындагы мектепке башталгыч класска кирип, 1- классты аяктагандан кийин Бишкек шаарынагы Пригород орто мектебинде окуй баштайт. 4-класстан баштап Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында окуду.

«4-класста мектеп уюштурган кичи олимпиадага катышып, англис тили, математика жана орус тили сабактарынан алдыңкы орун алгам. 6-класста математика сабагынан АКМО (алтынчы класстын окуучуларынын математика боюнча олимпиадасы) олимпиадасына катышып, район боюнча 1-орунга ээ болгом.

7-класста «Манас таануу» интеллектуалдык таймашка топ болуп катышып, республикалык этапка чейин барып келгенбиз. 9-класста мектепте өткөн «Каракоо периси» деген сынакка катышып, «Сүйкүмдүү пери» номинациясы менен 3-орунду ээ болгом. Орус тили сабагынан олимпиадага катышып, райондук этабында 4-орунга илингем. 10-класста олимпиадага немис тили сабагынан катышып, райондук этабында 2-орунду камсыз кылгам. Чынын айтканда, жылы бою ЖРТга даярданып жатып, «Алтын тамга» тестине көп көңүл бурган эмесмин. Бир ай убакыт калганда, мугалимдерим катуу даярдап башташты. Тарых жана химия сабактарына даярдандым. Андан сырткары мугалимдер да башка булактардан маалыматтарды алып келип, үйрөтүп, түшүндүрүп жатышты. Ошондон улам мага тест жеңил болду.

Бул ийгилик үчүн албетте, бизди даярдаган мугалимдерим Света Казакеевна, Лира Закировна, Айзада Кубанычбековна, Нурзат Зарылбековна, Жанара Мухамеджановнага жана ата-энем Ислам Жапаровго, Нурзат Билаловага, мага дем берген классташтарыма ыраазычылык билдирем. Себеби ийгиликке адам эч качан жалгыз жетпейт, ага ишенген, жардам берген адамдар менен чогуу жетет деп ойлойм. Учурда ЖРТнын жыйынтыгын күтүп жатам», — деди ал.

Акмарал Исламова «Ала-Тоо» эл аралык университетинин колдонмо математика жана информатика багытына тапшырууну көздөп жатат.

«Бул багыт боюнча билим алган бүтүрүүчүлөр ар кандай уюмдарда, анын ичинде мектептерде, университеттерде жана билим берүү технологиялары менен алектенген компанияларда иштей алышат. Алар билим берүүчү программалык камсыздоону иштеп чыгуучу, маалыматтарды талдоочу, педагогикалык дизайнер же билим берүү технологиялары боюнча кеңешчи сыяктуу ролдордо иштешет. Алардын тажрыйбасы билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана ар кандай курактагы окуучулар үчүн окуу процессин жеңилдетүүгө жардам берет», — деди Акмарал Исламова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE