Кочкордо 95 млн сомго бааланган Кочкор—Коммунизм автожолундагы көпүрөнүн куруу иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун​ Кочкор районуна караштуу Кочкор айылы менен Кара-Тоо айылынын ортосундагы ​ эл аралык маанидеги​ көпүрөнүн курулушу​​ кечеңдеп жатканы тууралуу​ буга чейин айтылып келген. Turmush басылмасы да бир нече ирет бул көйгөйдү жазып чыккан.

Кочкор районунун акими аталган райондогу курулуш иштери жүрүп жаткан объектилерди, ошондой эле Кочкор—Коммунизм автожолундагы көпүрөнүн курулушу менен жеринен таанышып, курулушту тездетүү керектигин айтты.

Аталган көпүрөнүн сметалык баасы 95 321 184 сомго бааланган. 2017-жылы ишти аткаруу үчүн тендер өткөрүлүп, жыйынтыгында 75 695 352 сомго келишим түзүлгөн. Ошондон бери жыл сайын аз-аздан гана курулуш иштери жүрүп келет.

Бүгүнкү күндө көпүрөдө бетон аралашмасын куюу иштери жүрүп, жеринде техникалар иштеп жатат. Жаңы көпүрөнү салуу иштери жакынкы күндөрү аяктаары айтылды. Андан соң асфальт төшөө иштери аткарылат.

Курулуп жаткан көпүрөнүн узуну 54 метрди, туурасы 12,5 метрди түзөт.

Пример HTML-страницы

Кочкор—Коммунизм унаа жолунун 1500-чакырымында жайгашкан Чүй суусундагы Бешинчи көпүрө 1970-жылы курулган. Көпүрө 4 пролёттон туруп, узуну 75 метрди түзөт. Туурасы 10 метр. Көпүрөнүн астыңкы тирөөчтөрү жер саздуу болгондуктан мындан 10 чакты жыл мурда чөгүп кеткен.

Бул көпүрө аркылуу Кара-Тоо, Кум-Дөбө, Ак-Жар, Арзы жана башка ондогон айылдар каттайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️